Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны эки миңден ашты

© REUTERS / PAVEL MIKHEYEVДезинфекциялоо бригаданын кызматкерлери шаарда жумуш учурда. Архив
Дезинфекциялоо бригаданын кызматкерлери шаарда жумуш учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу өлкөдө коронавирустан 489 бейтап айыгып, 19 адам көз жумганы маалым болду. Вирус аныкталгандардын көбү Алматы шаарында.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Казакстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 2 025ке жетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан билдирди.

22-апрелге карата бир суткада коңшу мамлекетте 30 жаңы учур катталган.

Казакстанда коронавирус көп катталып жаткан аймактар:

  • Алматы — 680;
  • Нур-Султан — 401;
  • Кызылордо облусу — 151;
  • Шымкент — 103;
  • Караганда облусу — 101.

Калган облустарында коронавирус жуктургандар жүздөн кем.

Коңшу өлкөдө коронавирустан 489 бейтап айыгып, 19 адам көз жумганы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0