Казакстанда аскер учагы кулап, жоокерлер аман калганга үлгүрүштү. Видео

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСпоттинг в аэропорту Внуково
Споттинг в аэропорту Внуково  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Самолёт учкандан кийин кыймылдаткычтардын биринен өрт чыккан. Жоокерлер өздөрүн коопсуздандыруу үчүн учакты айылдан талааны көздөй бурушкан.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Казакстандын Караганда шаарында МиГ-31 үлгүсүндөгү аскер учагы кулап, эки киши жабыркады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги өлкөнүн Коргоо министрлигине шилтеме берип жазды.

Окуя бүгүн, 16-апрелде, Караганда аэродромунун түштүгүндө пландык машыгуу убагында болгон. Самолёт учкандан кийин кыймылдаткычтардын биринен өрт чыккан.

Маалыматка ылайык, учкучтар өздөрүн коопсуздандыруу (катапульттоо) буйругун алгандан кийин самолётту талаага багыттап, калкка коркунуч туулбаган жерден секиришкен.

Кырсыктан эки учкуч жабыркап, ооруканага жеткирилген

"Учактын кулаганынан эки жоокер жабыркап, медициналык жайга алып барылды. Жабыркагандардын биринин абалы канааттандырарлык, экинчисинин абалы орточо. Учурда дарыланып жатышат", — деп айтылат маалыматта.

Коргоо министри аба кырсыгын иликтөө үчүн комиссия түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0