Казакстанда 28 медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүМедициналык лабораториянын ишкерлери. Архив
Медициналык лабораториянын ишкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр медиктердин коронавирус жуктуруп алган фактылары жашыруун эмес экендигин айтып, бардык жагдайлар боюнча эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатканын кошумчалады.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Казакстанда 28 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин саламаттык сактоо министри Елжан Биртановдун айтканына таянып Sputnik Казакстан кабарлады.

Министр медиктердин коронавирус жуктуруп алган фактылары жашыруун эмес экендигин белгиледи.

"Бул вирусту медицина кызматкерлеринин илештирип алганы боюнча суроолор көп. Ооба, биз бул фактыны жашырбайбыз. Карантин жайларында иштеп жүрүп коронавирус жуктуруп алган медиктердин саны азыр 28ге жетти", — деди Биртанов.

Ал бардык жагдайлар боюнча эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатканын кошумчалады.

"Себептери такталат. Жугуштуу илдеттер ооруканаларында жана карантин жайларында иштегендер бул вирусту жугузуп алуу тобокелчилигинде экенин буга чейин да айтканбыз. Акимдер бардык чараларды көрүп жатат. Медиктердин коопсуздугуна байланыштуу бардык талаптар аткарылышы керек", — деди министр.

Акыркы маалыматтар боюнча, Казакстанда коронавирус жуктуруп алган 453 учур катталса, анын ичинен 29у айыгып, үчөө көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0