Кыргыз-казак чек арасында элди жана автоунааларды өткөрүү токтоп, жүк өтө берет

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОткрытие движения по Крымскому мосту для грузовиков
Открытие движения по Крымскому мосту для грузовиков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгерде жарандар коңшу мамлекеттин аймагында калып калса, эки гана көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу кете алат.

БИШКЕК, 2-апр. – Sputnik. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында адамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Мындан улам төмөнкү эскертүү берилди:

Россия менен Беларуссиянын чек арасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус: Россия чек арасынын баарын жапты
Кыргызстандын жарандары Казакстандын аймагында болсо жана ал жерден чыкканы жатса, Казакстандын жарандары Кыргызстанда болсо жана бул жерден чыкканы жатса, "Чоң-Капка" (КР) — "Айша биби" (РК), "Ак-Тилек" (КР) — "Карасуу" (РК) көзөмөл өткөрүү пункттары аркылуу гана кете алышат.

Кыргызстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын Казакстандын аймагы аркылуу транзит менен өтүүгө убактылуу тыюу салынат.

Айыл чарба продукциялары, тамак-аш азыктары, эл керектөөчү товарлардын жүктөрү Кыргызстандан Казакстанга жана Казакстандан Кыргызстанга, эки багытка тең чектөөсүз кире алат. Транзиттик жүктөрдү ташуу "Ак-Тилек" жана "Чоң-Капка" өткөрүү пункттары аркылуу ишке ашырылат.

Буга чейин Казакстан автоунаалар үчүн чек арасындагы 20 өткөрүү пунктун жабаары кабарланган

Жаңылыктар түрмөгү
0