Кытай бийлиги коронавирус эпидемиясын токтоткондугун жар салды

© REUTERS / ALY SONGМетро станцияда. Архив
Метро станцияда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандары көп каза болгон өлкөлөрдүн сап башында Италия (10 миңден ашып кетти), Испания, Кытай, Иран, Франция жана Улуу Британия турган. Учурда COVID-19 эң көп жуккан адам саны (124 миң) АКШда болууда.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кытайдын аймагында коронавирус инфекциясынын таралышын токтотууга мүмкүн болду. Бул туурасында РИА Новости Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү Ми Фэндин айтканын жазды.

"2020-жылдын 28-мартына карата коронавирус жуктуруп алды деп анализи аныкталгандардын саны үч миңден аз болду", — деген ал брифингде.

Соңку маалыматтарга караганда, Кытайда COVID-19 чыккандан тарта аны жуктуруп алгандардын саны 82 миң болсо, 75 576сы сакайып кеткен. Ал эми, тилекке каршы, 3300ү көз жумган.

Эпидемиолог Айыма Деркембаева - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы коронавирус жагдайы тууралуу эпидемиологдун ачык маеги
Бүгүнкү күндө COVID-19 дүйнөнүн 177 өлкөсүнө тарады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, 570 миң киши жуктуруп алса, анын 26 миңи каза тапты.

Ал эми Жонс Хопкинс университетинин маалыматына таянсак, бул вирусту 665 миң киши жуктуруп, 30 852и көз жуумп, 141 миңи айыгып кеткен.

Жарандары көп каза болгон өлкөлөрдүн сап башында Италия (10 миңден ашып кетти), Испания, Кытай, Иран, Франция жана Улуу Британия турган. Учурда COVID-19 эң көп жуккан адам саны (124 миң) АКШда болууда.

Россияда 1534, ал эми Кыргызстанда 84кө жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0