Казакстанда коронавирус жуктурган 15 киши айыгып, ооруканадан чыкты

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКоронавируска алынган анализдер. Архив
Коронавируска алынган анализдер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы маалымат боюнча, коңшу өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын саны 204 болду. Буга чейин бир кишинин каза болгону да айтылган.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Казакстанда коронавирус аныкталган 15 киши толугу менен сакайып, ооруканадан чыгарылганын өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин штабына таянуу менен Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Ооруканадан кийин айыккандар үй карантининде болушат.

Тигүү цехи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Соодабыз 90%га жабыркады. Коронавирустан запкы жеген кыргызстандык ишкерлер
Акыркы маалымат боюнча, коңшу өлкөдө коронавируска 204 адам кабылганы белгилүү болду. Бир бейтап каза болгон. Анда 64 жаштагы Нур-Султан шаарынын тургуну конокко барганда жуктуруп алып, эки тараптуу пневмонияга кабылганы аныкталган.

COVID-19 жуктуруп алгандардын көбү Нур-Султан (117) менен Алматы (58) шаарында.

Эскерте кетсек, коронавирус аныкталган эки адам тууралуу алгачкы маалымат 13-март күнү чыккан. 16сынан тарта өзгөчө кырдаал жарыяланып, анын 15-апрелге чейин созулары белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0