Казакстанда коронавирустан көз жумган аялдын эки өпкөсү тең жабыркаган

© Sputnik / Абзал КалиевСитуация в Казахстане с распространением коронавируса
Ситуация в Казахстане с распространением коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү бийлик сөөктү жерге берген соң анын Нур-Султан шаарындагы үйүн толугу менен дезинфекциялап чыгууну пландап жатат.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Казакстанда коронавирустан каза болгон 64 жаштагы аял чет өлкөгө эмес, Алматы жана Шу шаарларына конокко барган. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Ал кечээ, 26-март күнү, каза болгон.

"Оорулуу эки тараптуу пневмония болуп, дем ала албай калган. Өлүмгө мурда кабылган кант диабети, атеросклероз жана кан басымынын көтөрүлүшү дагы себеп болгон", — деп айтылат макалада.

Алматы шаарындагы коронавируска текшерүүчү блок пост - Sputnik Кыргызстан
Кордайга Кыргызстандан барган кыздан коронавирус аныкталды
Маркумдун туугандары ал 13-17-март күндөрү Алматы жана Шу шаарларына конокко барып келгенин айтышкан.

Жергиликтүү бийлик сөөктү жерге берген соң анын Нур-Султан шаарындагы үйүн толугу менен дезинфекциялап чыгууну пландап жатат.

Ушу тапта Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 121ге жетти. 16-марттан тарта өлкө аймагына өзгөчө абал жарыяланып, Нур-Султан менен Алматы шаарлары карантинде.

Жаңылыктар түрмөгү
0