Казакстан менен чектешкен жердеги "Хоргостун" кытай тарабы ишин жандантты

© AP Photo / Ng Han GuanСатуучулар Кытай Казакстан чек ара Хоргос жанында туруп жатат. Архив
Сатуучулар Кытай Казакстан чек ара Хоргос жанында туруп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Хоргос" базары — Кытай менен Казакстандын чек арасында орун алган эркин соода аймагы. 528 гектарлык жерде алты соода борбору жана 2 миңдей бутик орун алган.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Казакстан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан "Хоргос" эл аралык соода борборунун Кытай тарабындагы бөлүгү ишин жандантты. Бул тууралуу "Синьхуа" басылмасы маалымдады.

"Кытайдын Синьцзян-уйгур автономдуу районунда жайгашкан "Хоргос" эл аралык соода борбору иштей баштады",— деп жазылат билдирмеде.

Казакстандын Zona.kz интернет порталы соода борбордун казак тарабы азырынча жабык экенин айтты. Алматы облусунун администрациясынын маалымат кызматы бул боюнча билдирме берген.

Улуу Кытай сепилини. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пекинде Улуу Кытай сепилинин бир бөлүгү ачылып, шаардык зоопарк иштей баштады
"Тиешелүү буйрук чыкмайынча соода зонасынын биз жактагы бөлүгү ачылбайт", — деп айткан маалымат кызматтын жетекчиси Галымурат Жукел.

Казакстан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан "Хоргос" базары коронавирусту алдын алуу максатында январдын аягында жабылган эле.

"Хоргос" базары — Кытай менен Казакстандын чек арасында орун алган эркин соода аймагы. 528 гектарлык жерде алты соода борбору жана 2 миңдей бутик орун алган. Ага кирүү үчүн башка өлкөлөрдүн жарандарына виза алуунун зарылдыгы жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0