Казакстанда COVID-19 жуктурган киши Кыргызстанга келип кеткени айтылды

© Sputnik / Андраник Казарян / Медиабанкка өтүүСитуация в Армении в связи с коронавирусом
Ситуация в Армении в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илдетке кабылган киши айдоочу болуп иштейт. Абалы канааттандырарлык. Алгач андан оорунун белгилери байкалган эмес, анализинин жыйынтыгы менен гана коронавирус жуктурганы аныкталган.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Жамбыл облусунун 29 жаштагы тургунунан коронавирус аныкталды, ал буга чейин Кыргызстанга барып келген. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Бүгүн, 25-мартта, Шу районунун жашоочусунан коронавирус аныкталды. Бул Жамбыл облусундагы биринчи учур. Маалыматка караганда, илдетке кабылган киши айдоочу болуп иштейт. 23-мартта Кыргызстанга келип кеткен. Учурда абалы канааттандырарлык. Оорунун белгилери байкала элек.

"Жаран 23-мартта Кыргызстандан келген. Башкы дарыгердин токтому менен 24-март күнү бир суткага изоляцияланган. Абалы канааттандырарлык болчу, оорунун белгилери да байкалган эмес. Бирок анализинин жыйынтыгы анын коронавируска кабылганын көрсөттү. Учурда бейтап ооруканада", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин коронавирус жуктурган алматылык жигит Бишкекте бир күн жүрүп кеткени маалымдалган эле. 

Жаңылыктар түрмөгү
0