Пекинде Улуу Кытай сепилинин бир бөлүгү ачылып, шаардык зоопарк иштей баштады

© Sputnik / Александр Юрьев / Медиабанкка өтүүУлуу Кытай сепилини. Архив
Улуу Кытай сепилини. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туристтер кыдырган жайлардын ичинен дүйшөмбү күндөн тарта Улуу Кытай сепилинин бир бөлүгүнө кирүүгө уруксат берилди. Ошондой эле шаардык зоопарктын иши жанданды.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Пекиндин бийлиги Кытайда эпидемиологиялык абалдын жакшырышы менен буга чейин коронавирустан улам жабылып калган туристтик объектилерди акырындап ача баштады. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Маалыматка караганда, туристтик объектилердин ичинен дүйшөмбү күндөн тарта Улуу Кытай сепилинин бир бөлүгүнө кирүүгө уруксат берилди. Ошондой эле шаардык зоопарктын иши жанданды.

"24-марттан тарта күн сайын эртең мененки саат 9:00дөн 16:00гө чейин шаардын бийлиги Улуу Кытай сепилинин "Бадалин" аттуу бөлүгүнө кирүүгө уруксат берди. Калган бөлүгү, музейи, аркан жолу азырынча жабык. Эл жык-жыйма болуп кетпеш үчүн аталган жайга күнүнө 19,5 миңден ашык адам кое берилбейт. Билеттерди онлайн түрүндө сатып алуу керек", — деп айтылат маалыматта.

Ситуация в Японии из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Сабыр кылуу — айыгуунун башталышы. Япониядан жазылган дубай салам
Шаардык зоопаркта да иш жанданып, калаа тургундарына ачык асман алдындагы павильондорго барууга уруксат берилди. Имараттын ичиндеги павильондор азырынча жабык. Бул жакка да билетти бир күн мурда онлайн түрүндө сатып алуу керек. Күн сайын келген кишилердин саны 30 пайызга чукулдаса кирүү жабылат.

Эске салсак, коронавирустан улам Пекинде бардык туристтик объектилер, музейлер жабык болчу.

Коронавирус узаган жылдын декабрь айынын этегинде Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында тараган. Андан бери 200гө чукул мамлекетке жайылып, жүз миңдеген кишиге жугуп, миңдеген киши көз жумуп жатат. Ошондой эле айыккандар да арбын. Азыркы учурда Кытайда коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын дээрлик 90 пайызы айыкты. Акыркы маалыматтар боюнча, ооруканада 5000дей эле адам калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0