Гүлнара Каримовага Ташкент соту акыркы өкүмүн чыгарды

© AFP / Amy Sussman / GETTY IMAGES NORTH AMERICAӨзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримова. Архив
Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ташкентте Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова жана анын тарапташтарына карата соттун өкүмү чыкты. Тергөө башталгандыгына бир топ жыл болгон.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Ташкенттин шаардык соту Гүлнара Каримованы 13 жыл төрт айга эркинен ажыратканын Sputnik Өзбекстан агенттиги кабарлады.

Маалыматты Өзбекстандын Жогорку соту 18-мартта тараткан.

Закрытое заседание фракции СДПК - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин сотто костюм-шымчан отурган ирмеми. Сүрөт
Фемида өкүлдөрү мындай өкүмдү ага "бюджеттик акчаны уурдаган, акча талап кылган жана аларды чет өлкөдө кылмыштуу жол менен мыйзамдаштырганы" үчүн чыгарган.

Эске салсак, Каримова 2015-жылы "Опузалоо" жана "Салык төлөөдөн баш тартуу" беренелери менен камалып, 2017-жылы 10 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк ага карата дагы башка кылмыш иштери козголуп, прокуратура тергеп жаткан. Соңку ирет тагылган айыпта Каримованын мамлекетке 165 миллион доллар чыгым келтиргени айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0