Алматы аэропортунда 19 кыргызстандык кармалып турат

© AFP / PATRICK BAZАэропорт Алматы в Казахстане
Аэропорт Алматы в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстан коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялагандан кийин чек арасын жаап, чет элдиктердин кирип-чыгуусуна бөгөт койгон.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Казакстандын аэропортунда Индиянын Дели шаарынан келе жаткан кыргызстандыктар чыга албай кармалып турушат. Бул тууралуу Коронавирусту алдын алуу боюнча ыкчам штабдан кабарлашты.

"Азыр Алматынын аэропортунда 19 кыргызстандык чыга албай турат. Анткени Казакстан чек арасын чет өлкөлүктөр үчүн жаап салган. Бактыга жараша, Тышкы иштер министрлиги казак тарап менен кыргызстандыктарды алып чыгып кетүү жөнүндө макулдашууга жетишти. Алар үчүн трансфер уюштурулмакчы", — деп айтылат билдирүүдө.

Ушундай эле тагдыр Казакстан аркылуу кайтууну пландаган башка кыргызстандык туристтерди күтүп турганы кошумчаланды.

Кыргызстанда учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуй аласыздар

Жаңылыктар түрмөгү
0