Кытайлыктар коронавирустан улам мекенине кайтып, коркунуч туудурууда

© REUTERS / ANTARA FOTOКытайдагы келген учакты текшерүү. Архив
Кытайдагы келген учакты текшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сырттан келген коронавирус инфекциясын калктын жугузуп алуу кооптуулугу учурда Пекин менен Шанхайдын баш оорусу болууда.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) коронавирус пандемиясын жарыялагандан тарта Кытай жарандары мекенине жапырт кайта баштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Бийлик бул көрүнүш өлкөдө эпидемиологиялык кырдаалды пайда кылат деп коңгуроо кагууда.

ДССУ 11-мартта пандемия жарыяласа, Кытай бийлиги 12-мартта эпидемиянын эң жогорку чеги өтүп кетти деп бир аз жеңилденген маалымат тараткан.

Сырттан келген коронавирус инфекциясын калктын жугузуп алуу кооптуулугу учурда Пекин менен Шанхайдын баш оорусу болууда.

Москвадагы жайында кишилер эс алып жүрөт - Sputnik Кыргызстан
Россияда коронавирус жуктургандардын ичинен беш адам айыгып кетти
Кытайда соңку суткада вирусту жуктуруп алган 21 учур катталса, анын 20сын четтен келгендер алып киргендиги айтылууда. 9у — Пекинде, үчөө — Шанхайда жана алты провинцияда бирден катталган.

Аталган мамлекеттин миграция башкармалыгынын айтымында, пандемия жарыялангандан тарта өлкөгө кургак жол, аба жол жана кемелер менен киргендердин саны күнүнө 120 миң кишиге жетүүдө. Сырттан келген чет элдиктерден оорунун белгиси табылган эмес.

Кытайдын эпидемиологиялык кызматы жүргүнчүлөр учар алдында дененин табын түшүргөн дары ичип алып, абалын жашырып өтүп кеткенге аракет кылгандыгын билдирди. Андай адамдарга кылмыш иши козголгон.

Мындай көрүнүш Пекинде көп кайталангандыктан, калаа бийлиги келгендерди сөзсүз түрдө 14 күнгө карантинге алуу тартибин киргизген. Бекер карантин кээ бирөөлөрүнө гана каралган. Ал эми көпчүлүгү атайын оолакташтырылган мейманканада өзүнүн акчасына айтылган күнгө чейин калууда.

Акыркы маалыматтарга таянсак, Кытайда коронавирусту жуктургандардын саны 80 881ге жеткен. Алардын ичинен 68 679 (85 пайызы) адам сакайып кеткен. Тилекке каршы, 3 226 киши каза тапты.

Ал эми дүйнө боюнча маалыматтарга көз чаптырсак, 17-мартта эртең менен коронавирус жуктургандардын саны 182 405 деп айтылды. 7 154 адам көз жумса, айыккан бейтаптардын саны 79 433 болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0