Алматыдагы коронавирус жуктурган 12 жашар кыздын абалы айтылды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүКапельница. Архив
Капельница. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12 жаштагы кыз ата-энеси менен Германиядан Алматы шаарына келген. Учактын ичинде экипажды кошкондо 12 киши бар экени маалым болду.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Германиядан Казакстанга ата-энеси менен учуп келип, коронавирус табылган 12 жаштагы кыз Балдардын инфекциялык ооруканасынын атайын бөлүмүндө, абалы канаттандырарлык. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

"2008-жылы туулган кыз ата-энеси менен Алматыга учуп келген. Өспүрүм келери менен ооруканага жаткырылган. Учактагы 12 киши, анын ичинен пилоттор кошо изоляцияланып, анализдер алынды", — деп билдирди агенттик.

Брифинг премьер-министра Мухаммедкалыя Абылгазиева - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус жакындады, баарына даяр турушубуз керек! Абылгазиев элге кайрылды
Учурда Алматыда алты адам чоңдордун инфекциялык ооруканасында жатат. Шаарда азыркы күндө коронавирус жуктуруп алган жети киши бар.

Ал эми Казакстан боюнча тогуз адам COVID-19га чалдыккан.

Дүйнөнү түйшүккө салып жаткан коронавирус менен Кытайда киши ооруду деген маалымат 31-декабрда тараган. 11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус боюнча пандемия жарыялады.

Жаңылыктар түрмөгү
0