Метродо жөтөлүп... Элди тамашага салам деген алматылык жигит камалды

© Sputnik / Тимур БатыршинАрест подозреваемых в КР
Арест подозреваемых в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ал метродо жүргүнчүлөрдүн жанына атайын барып жөтөлүп, аларды коркутууга аракет кылган. Видеосун кийин соцтармакка жүктөп койгон.

БИШКЕК, 15-мар.—Sputnik. Алматыда коронавирус жуктуруп алган адамдай түр көрсөтүп, жөтөлүп, метродогу жүргүнчүлөрдү коркуткан жигит кармалды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан кабарлады.

Буга чейин ал метродо жүргүнчүлөрдүн жанына барып жөтөлүп, аларды коркутууга аракет кылган. Видеосун кийин соцтармакка жүктөп койгон.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 🔥INSTA_PRIKOLY🔥 - НЕ ГРУСТИ!✌ (@insta_prikoly)

Алматынын полиция департаменти элди коркутуп тамашага салган жигитти "Майда бейбаштык" беренеси менен 10 суткага камакка алган.

Полиция департаментинин расмий өкүлү Салтанат Азирбек бул жигиттин кылыгын маскарапозчулук деп сыпаттаган.

"Азыркы кырдаалда бул жигиттин кылыгы элди шылдыңдаганга барабар. Хайп деген нерсе үчүн бул адам моралдык этика нормаларын бузган. Ошол себептен жоопкерчиликке тартылды", — деди Азирбек.

Эске салсак, учурда Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны алтыга жетти. Биринчи окуя 13-мартта билинген. Ошол күнү эле вирус жуктурган төрт адам тууралуу белгилүү болгон. Алардын экөө Германиядан, бири Италиядан, бири Россиядан учуп келген. Ал эми экинчи окуя 14-мартта аныкталды. Бейтаптардын бири Нур-Султанда болсо, экинчиси Алматыда.

Жаңылыктар түрмөгү
0