Казак-кытай чек арасындагы “Хоргос” базары жабылмай болду

© Sputnik / Анатолий УстиненкоКазакстан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан “Хоргос” базары. Архив
Казакстан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан “Хоргос” базары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Базар кайсы мөөнөткө чейин жабык болору кабарлана элек. Алматыга коронавирус жеткени аныкталгандан кийин облус бийлиги алдын алуу чараларын күчөтүп жатат.

БИШКЕК, 14-мар. – Sputnik. Казакстан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан “Хоргос” базары коронавирусту алдын алуу максатында эртең, 15-марттан тарта убактылуу жабылмай болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

“Алматыда коронавирус жуктуруп алгандар бар экени аныкталгандан кийин инфекция жайылып кетпеши үчүн алдын алуу иш-чаралары күчөтүлдү”, - деп айтылат маалыматта.
Базар кайсы мөөнөткө чейин жабык болору кабарлана элек.

Эске салсак, учурда Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны алтыга жетти. Биринчи окуя 13-мартта билинген. Ошол күнү эле вирус жуктурган төрт адам тууралуу белгилүү болгон. Алардын экөө Германиядан, бири Италиядан, бири Россиядан учуп келген. Ал эми экинчи окуя 14-мартта аныкталды. Бейтаптардын бири Нур-Султанда болсо, экинчиси Алматыда.

Жаңылыктар түрмөгү
0