Медициналык маска кийген дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан

Коронавирус Казакстанга жетти. Учурда эмне болуп жатат?

Жазылуу
Казакстанда 13-мартта эки кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алар Алматы шаарына Германиядан келген.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. 10-мартта Казакстандын санитардык врачы Жандарбек Бекшин математикалык модель менен алганда коронавирус Казакстанда 11-16-мартта пайда болорун айткан.

Эске салсак, 11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус боюнча пандемия башталгандыгын айткан эле.

Казакстанда учурда эмне болуп жатканы, кандай чаралар кабыл алынып, дегеле коронавирус боюнча дүйнөдөгү абал боюнча Sputnik Кыргызстандын онлайн-репортажынан маалымат алып турсаңыз болот.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
19:05 13.03.2020

Казакстандын  Семей шаарында Түштүк-Африкадан келген жаран коронавируска шектелип, ооруканага жаткырылды.

Социалдык тармакка мейманканалардын биринен Тез жардамдын кызматкерлери коргоочу костюм менен бир кишини алып кетип бара жаткан видео тараган.

"Анын дене табы көтөрүлүп, мурдунан суу агып, жөтөлүп жаткандыктан Тез жардам чакырышкан. Анын сасык тумоого кабылып, оордугу III деңгээлде болгон бронхит диагнозу коюлган. Андан сырткары кант диабети бар экени аныкталган. Врачтар консилиум өткөрүп, коронавируска тест тапшыртышкан. Анын жыйынтыгы эртең чыгары айтылды", — деп айтып берген Семейдин Товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, коопсуздугун текшерген башкармалыгынын жетекчиси Берик Тлебалдин.

17:46 13.03.2020

"Учурда тест тапшырган адамдан дагы бир короновирус жуккан учур такталды. Италиянын Милан шаарынан келген аял киши экен. Ал 12-мартта Нур-Султан шаарына келген", - деп билдирди Казакстандын саламаттыкты сактоо министри.   

17:18 13.03.2020

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, анда коронавирустун таралышына каршы көрүлгөн чаралар өзүн актады деген билдирүү жасады. Андан сырткары мамлекеттик кызматкерлердин чет өлкөгө командировкага чыгышына тыюу салды.

Анткен менен сырт жактарга  бир гана учурда токтоосуз чыгууга болорун эске салды.

" Ал — мамлекеттин жана жарандардын кооптулугуна байланыш болгондо гана жасалат", —  деди Казакстандын президенти.

 

Выступление президента Казахстана К.-Ж. Токаева на открытии сессии парламента - Sputnik Кыргызстан
17:04 13.03.2020

"Учурда Чукул кырдаал киргизүү чечимин жергиликтүү аткаруу бийлик органдары, аймак акимдери чечет.  Учурда андай зарылдык жок деп ойлойм. Вирус жуктуруп алгандар менен байланышта болгондор аныкталгандан кийин, иликтенип, алардын саламаттыгы боюнча маалымат топтолот,  зарыл болсо текшерүү башталат. Эгерде дагы кошумча пациенттер чыкса, мындай чечимди кабыл алышыбыз мүмкүн", — деди министри Биртанов.

16:53 13.03.2020

Германиядан Алматыга 9-мартта учуп келген кишинин 46 жашта экени айтылды. Ал эми 12-мартта келген аялдын 36 жашта экени анык болду.  

16:45 13.03.2020

 Казахстан 60 миң тест-систем күтүп жатат. Дагы 40 миңине буюртма бергенин саламаттыкты сактоо министри  Елжан Биртанов айтты.

"Бизде Россия, Кытай, Бириккен Араб Эмирлиги, Казакстан, АКШ жана ДССУдан берилген Германиянын тест-системдери бар. Бизге 15 миң келип түшкөн. Бүгүнкү күндө болгон 5 093түн 3 389у колдонулду", — деп айтып берген Биртанов.

16:43 13.03.2020

"Биз даяр турабыз: койкалар жетиштүү, дары-дармектердин запасы бар. Медицина кызматкерлери эмне кылышты билет.  Эгерде казакстандыктарга маалыматтар керек болсо, 1406 номерине телефон чалса болот. Андан сырткары элди Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ишенүүгө чакырабыз.  Биз күчтүү элбиз, көптү башыбыздан өткөргөнбүз. Мындан да татыктуу өтөбүз. Биргеликте биз күчтүүбүз", — деди Саламаттыкты сактоо министрти Биртанов.

15:59 13.03.2020

Казакстан Сенатынын төрайымы Дарига Назарбаеванын Бишкекке болчу расмий сапары кийинкиге жылдырылды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Спикер парламента Казахстана Дарига Назарбаева - Sputnik Кыргызстан
Дарига Назарбаеванын Бишкекке болчу сапары кийинкиге жылды
15:56 13.03.2020

Коңшу Казакстан 8-мартта өзү үчүн коронавирус эпидемиясы жактан кооптуу деген өлкөлөрдүн тизмесин толуктап, 20га жеткирген. Анда 

 мамлекеттер кооптуулугу жагынан үч категорияга бөлүнүп, экинчи тепкичте Испания менен Германия турган.

 

Самолет Airbus A320 - Sputnik Кыргызстан
Коңшулар коронавирустан сактануу үчүн ондогон өлкөлөрдү "кара тизмеге" киргизди
15:54 13.03.2020

Казакстандын бийлик өкүлдөрү коронавирустан улам Германия менен аба каттамдарын жаппай тургандыгын айтты.  

Учурда аталган өлкөгө өз аймагына Германия жарандарынын киришине тыюу салды. Ал тараптан келе турган казакстандыктар 14 күнгө карантинге алына турган болду.

15:48 13.03.2020

Маалыматка караганда, алар ооруканага жаткырылды. Абалдары жакшы, азырынча вирустун клиникалык белгилери жок. Коронавирус аныкталган адамдардын бири 9-мартта, экинчиси 12-мартта келген.

 

15:47 13.03.2020

"Биз үч айдан бери бул вируска каршы болгон аракеттерди көрүп келе жатабыз. Бирок бүгүн казакстандык эки жарандын жуктуруп алганы аныкталды. Алар Германиядан Алматыга келишкен экен", — деди министр Биртанов. 

 

 

15:45 13.03.2020

Казакстанда эки кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов маалымдаган. 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0