Борбор Азия өлкөлөрүнүн коронавируска каршы камы кандай?

© Sputnik / Тимур Батыршин / Медиабанкка өтүү Учения спецслужб аэропорта возможному прибытию инфицированных коронавирусом в аэропорту Алматы
 Учения спецслужб аэропорта возможному прибытию инфицированных коронавирусом в аэропорту Алматы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөдө тарап жаткан коронавирусту аймагына "киргизбөө" үчүн ар бир өлкө түрдүү чараларды көрүп жатат. Sputnik агенттиги Борбор Азия мамлекеттеринин камылгасына кызыкты.

Белгилей кетсек, учурда Борбор Азия мамлекеттерине кирген Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстанда бул вирусту жуктуруп алгандар катталган жок.

Азыркы тапта дүйнө жүзү боюнча коронавируска 126 136 адам чалдыгып, 68 219 бейтап сакайды. Ал эми өлгөндөрдүн саны 4 630га жетти.

Кыргызстан

© Фото / пресс-служба ДУМККоронавирустун таралышын алдын алуу максатында Бишкек шаарынын борбордук жана башка мечиттеринде дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат
Борбор Азия өлкөлөрүнүн коронавируска каршы камы кандай? - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустун таралышын алдын алуу максатында Бишкек шаарынын борбордук жана башка мечиттеринде дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат

1. Кытай менен чек арасын жаап, аба каттамын токтоткон. Мамлекеттик чек арадагы бардык өткөрмө-көзөмөл жайлары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

2. Кыргызстан коронавирус катталган өлкөлөрдү үч категорияга бөлдү. Кытай, Түштүк Корея, Италия, Иран жана Япониядан келген кыргызстандыктар ооруканаларда 14 күндүк карантинде кармалат. Экинчи категорияда Франция, Германия, Испания, Сингапур жана АКШ турат. Ал эми үчүнчү категорияга Кувейт, Бахрейн, Таиланд, Швейцария, Улуу Британия, Австралия, Малайзия, Канада, Ирак жана БАЭ кирди. Экинчи жана үчүнчү категорияга кирген өлкөлөрдөн келген кыргызстандык жарандар үй карантинине алынат жана бейтапкана дарыгерлеринин көзөмөлүндө болот.

Профилактика коронавируса в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустун Кыргызстанга таасири. Соңку маалыматтар
3. Өкмөттүн алдында эки штаб түзүлгөн. Биринчиси - коронавирусту алдын алуу боюнча штаб болсо, экинчиси - коронавирустун жайылышына байланыштуу тышкы таасирлердин кесепетин азайтуу жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөө боюнча штаб болуп саналат. Учурда алардын чечими менен Кыргызстандагы массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилди.

4. Өлкө боюнча массалык иш-чаралар токтотулду. Мартта Бишкекте өтчү хоккей боюнча дүйнө чемпионаты, күрөш боюнча Олимпиаданын лицензиялык турнири жана Нооруз майрамы өтпөй калды.

5. Бишкек шаарындагы жүргүнчү ташыган менчик жана жеке автоунаалар, республикалык маанидеги автобекеттер, базарлар, ашкана, мечиттер жана башка жайлар дезинфекцияланып жатат.

Казакстан

© Sputnik / Тимур БатыршинКак в Казахстане готовятся к "прилету" зараженного коронавирусом — видео
Борбор Азия өлкөлөрүнүн коронавируска каршы камы кандай? - Sputnik Кыргызстан
Как в Казахстане готовятся к "прилету" зараженного коронавирусом — видео

1. Коңшу Казакстан өзү үчүн кооптуу деген өлкөлөрдүн тизмесин түзүп, үч категорияга бөлгөн.

Биринчи категорияга Кытай, Иран, Түштүк Корея жана Италия кирип, бул өлкөдөн келгендер 14 күндүк карантинден өтөт. Ушул эле категориянын "б" тайпасындагы Франция, Испания жана Германия мамлекетинен келгендер үй карантининде болот. Экинчи категория Швейцария, Улуу Британия жана Нидерланддар 14 күн телефон аркылуу байланышта болушат. Үчүнчү категорияга Бельгия, Швеция, Норвегия, Индия, Ирак, Филиппин, АКШ кирип, бул мамлекеттен келгендерге 24 сааттын ичинде байкоо жүргүзүшөт.

Ситуация в Панаме из-за вспышки коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Пандемия деген эмне жана канчалык кооптуу? Адистердин түшүндүрмөсү
2. Казакстан кыргыз жарандарына ID-карта менен кирүүгө убактылуу тыюу салды. Негизи Кыргызстандын жарандарынын өлкө ичиндеги паспорту болуп эсептелген ID-карта Россияда жана Казакстанда жарактуу.

3. Казакстан Кытай жана Иран менен авиакаттамдарын убактылуу токтотуп, Азербайжан менен Түштүк Кореяга рейстерин азайткан.

4. 13-марттан тарта массалык иш-чаралар токтотулат. Буга Нооруз майрамынын, Жеңиштин 75 жылдыгына арналган параддын өтпөй калышы мисал.

5. Окуучулардын каникулу 16-марттан тарта 5-апрелге чейин узартылып, окуу жайларда дистанттык билим алуу каралууда.

6. Санитардык-дезинфекциялык режим күчөтүлгөн.

Тажикстан

© Sputnik / Стас ЭтвешТажикстандын билим берүү министрлиги окуучулар менен студенттерди маска кийип жүрүүгө милдеттендирди
Борбор Азия өлкөлөрүнүн коронавируска каршы камы кандай? - Sputnik Кыргызстан
Тажикстандын билим берүү министрлиги окуучулар менен студенттерди маска кийип жүрүүгө милдеттендирди

1. Коронавирусту алдын алуу үчүн өкмөт алдында атайын штаб түзүлгөн.

2. Алгач Тажикстандын коронавирус боюнча "кара тизмесинде" 35 өлкө бар болчу. Бирок кийинчерээк мамлекеттердин саны кыскарып, Кытай, Афганистан, Иран, Түштүк Корея жана Италия калган. Жергиликтүү авиакомпанияларга бул өлкөнүн жарандарын салууга тыюу бар. Ал эми аталган мамлекеттен кайткандар эки жумалык карантинден өтөт.

3. Шаарларда санитардык-дезинфекциялык режим күчөтүлгөн.

4. Коронавируска байланыштуу атайын план иштелип жатканы айтылды, бирок анда кандай чаралар камтылгандыгы боюнча маалымат жок.

5. Тажикстанда мечиттерге барып намаз окууга тыюу салынган. Ал эми Билим берүү министрлиги мектептеги олимпиадаларды токтотуп, окуучулар менен студенттерди маска кийип жүрүүгө милдеттендирген.

Өзбекстан

1. Өзбекстанда дагы кооптуу деп эсептеген өлкөлөрдү бир нече категорияга бөлүштү. Биринчи катарда Кытай, Түштүк Корея, Иран, Италия, Афганистан жана Япония бар. Андан келгендер адаттагыдай 14 күндүк карантинден өтөт. Экинчи категориядагы Франция, АКШ, Германия, Сингапур, Испания, Гонконг, Макао жана Тайвандан келгендер эки жума үй карантининде болушат.

Кудай сактасын, текшерилдик! Четке чыгып келген депутаттардын жообу видеодо - Sputnik Кыргызстан
Кудай сактасын, текшерилдик! Четке чыгып келген депутаттардын жообу видеодо
Үчүнчү жана төртүнчү категорияга кирген мамлекеттен келгендер жашаган жерине жакын медициналык жай аркылуу көзөмөлдөнүп, телефондон байланышып турушат.

2. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу менен Өзбекстанда эл аралык иш-чаралар токтогон. Бул нерсе азырынча республика ичиндеги массалык жыйындарга тиешеси жок.

3. Өзбекстандын Жазык кодекси боюнча карантиндик режимдин талаптарын бузгандар сегиз жылга чейин эркинен ажыратылат.

4. Өзбекстан Афганистан менен чек арасын убактылуу жапкан.

Түркмөнстан

1. Мектептер жана башка мекемелер хлор менен дезинфекцияланып жатат. Казакстандагы "Азатлык" радиосунун сайтынын жазышынча, 3-мартта Ашхабаддагы бардык мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери жумушка кирерде мурдуларына оксолин сүйкөшкөн

Аэропорттогу медициналык кызматкер жүргүнчүнүн температурасын ченеп турган убакытта. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Коркуткан коронавирус: Кыргызстанда токтотулган, жылдырылган иш-чаралардын тизмеси
2. Түркмөнстанда курч респиратордук вирустук инфекцияларды (КРВИ) алдын алуу тууралуу жазылган барактар таратылууда.

3. Өлкө Иран жана Афганистан менен чек арасын, Каспий менен деңиз портун жапкан. 

4. Ашхабадда үлпөт тойлор жана массалык иш-чаралар токтотулуп, спорт зал, бассейн жана башка спорттук объекттер жабылган.

5. Түркмөнстандын улуттук авиакомпаниялары вирус жайылган өлкөлөргө каттамын токтоткон.

Жаңылыктар түрмөгү
0