Казакстанда теңгенин курсун бекемдеш үчүн базалык коюм кескин жогорулады

© Sputnik / Владислав ВодневКурс валют тенге в Казахстане
Курс валют тенге в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-март күнү эртең менен Алматы менен Нур-Султандагы валюта алмаштыруу жайлары долларды 394-399 теңгеге сатып баштаган. Экономисттер муну дүйнөдө мунайдын баасынын 30 пайызга түшүп кетиши менен түшүндүрдү.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Казакстандын Улуттук банкы теңгенин алмаштыруу курсун кармап туруу үчүн базалык коюмун 9,25тен 12 пайызга чейин жогорулатуу чечимин чыгарды. Бул туурасында өкмөттүн отурумунда банктын төрагасы Ерболат Досаев билдиргенин Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

"Сырткы сектордогу тобокелдиктердин фонунда баалардын туруктуулугун кармап турууну камсыздап, теңгенин алмаштыруу курсун коргоо зарыл. Ошондуктан Улуттук банк кезексиз жыйында 10-марттан тарта базалык коюмду 12 пайызга чейин (пайыздык пункттарда +/- 1,5 пайыз коридору менен) жогорулатуу чечимин чыгарды", — деген Досаев.

Базалык коюмду жогорулатуу макроэкономикалык жана финансылык туруктуулукту сактоого, тышкы рыноктун ички бааларга жана долларлаштыруу деңгээлине тийгизген терс таасирин эскертип турганга шарт түзөт. 

Ал Улуттук банк теңгенин алмаштыруу курсунун рыноктогу баасы эркин экендигин белгилеген.

"Ага карабастан, өзгөргөн шарттарга байланыштуу финансылык системанын туруктуулугун камсыздоо үчүн валюталык интервенциялар киргизилиши мүмкүн", — деген Улуттук банктын башчысы.

Досаев белгилегендей, Улуттук банк дүйнөлүк экономика менен эл аралык рыноктогу кырдаалдын өсүшүнө тыкыр көз салууда. Ошондой эле муктаждыкка жараша Казакстандын финансы рыногунда туруктуулукту камсыздоо үчүн кошумча чаралар көрүлө турганын айткан.

Мындан тышкары, борбордук банктын төрөгасы кошумчалагандай, мамлекет башчынын тапшырмасы боюнча 9-мартта өкмөт менен Улуттук банк учурдагы кырдаалга байланыштуу биргелешкен кайрылуу жасашкан. 

Мунай баасынын түшүшү жана доллардын секириги

Российский рубли и евро - Sputnik Кыргызстан
Евро өсүп, рубль дагы деле сомдон төмөн болууда. 10-мартка карата маалымат
9-март күнү эртең менен Алматы менен Нур-Султандагы валюта алмаштыруу жайларында доллар 394-399 теңгеге сатылууда. Экономисттер муну дүйнөдө мунайдын баасынын 30 пайызга түшүп кетиши менен түшүндүрүштү. Мындай кырдаал 6-мартта Венада ОПЕК+ (Россия, Казакстан жана Азербайжан) келишиминин мүчөлөрү нефтинин көлөмүн азайтуу боюнча бир пикирге келе албай калышынан улам жаралган. Мындан тышкары, коронавирус дагы дүйнөлүк рынокко таасирин тийгизүүдө.

Базалык коюмдун өзгөрүшү эмнени түшүндүрөт

Базалык коюмдун өлчөмү — Улуттук банк коммерциялык банктарга кыска мөөнөттөгү насыяларды берип, алардын акча каражаттарын кайсы бир  пайыздык өлчөмдөгү депозит менен кабыл алуу. Экономикалык теорияда коюмду жогорулатуу инфляцияны жайлатат деп айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0