Түштүк Корея коронавирусту жайылткан сектанын лидерлерин сотко берди

© REUTERS / YONHAPТүштүк Кореяда коронавирус боюнча дезинфекция убагында
Түштүк Кореяда коронавирус боюнча дезинфекция убагында   - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус Түштүк Кореянын Тэгу шаарынан жайылып башталган. Анда сектанын мүчөлөрү вирусту өз ырым-жырымдарын жасап жатып бири-бирине жуктуруп алган.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Сеулдун бийлиги "Храм скинии свидетельства Шинь-чонджи" сектасынын 12 лидерине каршы прокуратурага арыз жазды. Алар Түштүк Кореяда коронавирусту атайылап жайылткан деп айыпталып жатышат. Бул тууралуу ВВС жазды.

Маалыматка караганда, сектанын бардык 230 миң мүчөсү кароодон өткөрүлгөн. Алардын 9 миңинен симптомдор байкалган, ал коронавирус болушу мүмкүн. Сектанын 88 жаштагы лидери Ли Ман Хи дагы анализ тапшырып, бирок андан Covid-19 аныкталган эмес.

Ситуация в Южной Кореи в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Сакайгандардын саны 45 миңден ашты. Коронавирус боюнча бүгүнкү абал
Коронавирус Түштүк Кореянын Тэгу шаарынан жайылып башталган. Анда сектанын мүчөлөрү өз ырым-жырымдарын жасап жатып бири-бирине вирусту жуктуруп алган. Мындан улам коронавирус өлкө аймагына жайылып кеткен. Сектанын кээ бир мүчөлөрүнүн январь айында Кытайдын Ухань шаарына барып келгени аныкталды.

РИА Новостинин жазганына караганда, Түштүк Кореядагы 2113 адамдын ооруп калышын ушул секта менен байланыштырып жатышат.

Акыркы маалыматтар боюнча, аталган өлкөдө вирусту жуктургандардын саны 4212 адамга жетти. Алардын 22си көз жумган. Сеулда 87, Тэгуда 2705, Кёнсан-Пукто провинциясында 555, Кёнгидо провинциясында 89, Пусанда 83 учур катталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0