Полиция тил албаган айдоочунун автосунун алдына жата калды. Казакстандагы видео

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРалли ретромобилей L.U.C. Chopard Classic Weekend Rally
Ралли ретромобилей L.U.C. Chopard Classic Weekend Rally - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нөшөрлөгөн жаандан кийин борбор калаадан чыккан жолдордун баары тоңуп калгандыктан, шаар бийлиги тарабынан кыймыл чектелген. Бирок ага карабай, айрым айдоочулар жолго чыгууга аракет кылышкан.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Казакстанда айласы кеткен жол инспектору айдоочулар тайгак жолго айдап кетпеш үчүн автоунаанын алдына жатып алды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигине шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Көп өтпөй YouTube тармагында Vrk news-каналы жеринен тартылган видеону жарыялады. 

Окуя 26-февраль күнү Нур-Султан — Темиртау унаа жолунда болгон.

"Нөшөрлөгөн жаандан кийин борбор калаадан чыккан жолдун баары тоңуп калганына байланыштуу шаар бийлиги тарабынан кыймыл чектелген. Бирок ага карабай, айрым айдоочулар жолго чыгууга аракет кылышкан. Алардын бири жолго туурасынан токтотулган полициянын машинасын түртүп, өтүп кетүүгө аракет кылган. Ошол маалда жол инспектору анын автосунун алдына жата калып, жолун торогон", — деп айтылат макалада.

Полициянын маалыматына караганда, бул жаңжалга катышкан эки "Газель" жана бир Hyundai үлгүсүндөгү унаалардын айдоочулары кармалды. Алар "Бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү" беренеси боюнча жоопкерчиликке тартылары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0