16:29 05 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6483
  • RUB1.0978
Азия
Кыскача шилтеме алуу
1105 0 0

Өлкө президенттеринин ишмердиги дайым коомчулуктун көзүндө. Карапайым калкка караганда аларга эмгек шарттары өзгөчө түзүлөт. Борбор Азия мамлекеттеринин Конституцияларын кылдат карап, ыйгарым укуктардын окшоштугу жана айырмачылыктарына токтолдук.

Президент — мамлекеттин эң жогорку саясий кызматындагы адам. Анын макамы Конституция жана конституциялык мыйзам менен каралат. Бирок анын кепилдиктери мамлекет тарабынан камсыздалган, дегеле тынч жумушка ченелбеген королдук ыйгарым укуктар же өзгөчө маанилүү инсан (VIP) макамы көпчүлүк тарабынан кабыл алынат.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери кандай артыкчылыктарга ээ экени да бүйүр кызытпай койбойт. Ошондуктан бул макалабызда биздин чөлкөмдөгү мамлекет башчылардын ыйгарым укуктары тууралуу кеп салмакчыбыз.

Президент да жоопко тартылат

Кыргызстандын мамлекет башчысынын иши “КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана экс-президенттин статусу жөнүндөгү” мыйзам менен жөнгө салынат. Биринчи кезекте ага кызматын ээлеп турган мөөнөттө кол тийбестик укугу жана өлкө башчылыгын өткөрүп берген соң экс-президент макамы берилет. Бул берене анын бүт мүлкү, ал түгүл кат-кабарына чейин таралат. Мамлекет башчысы кармалбайт, камакка алынбайт, тинтүүгө же суракка алынууга да дуушар болбойт.

Мыйзамга ылайык, Кыргызстандын эң жогорку саясий өкүлү жана анын үй-бүлө мүчөлөрү күзөт, турак жай, медициналык тейлөө менен мамлекеттин эсебинен камсыз болот. Транспорттук жана өкүлчүлүк чыгымдары үчүн атайын каражат бөлүнөт.

Өз ишмердиги токтотулгандан кийин мамлекет башчысы айрым ыйгарым укуктар менен бирге “экс” макамын алат. Ошондой эле ал кол тийбестик макамына ээ, ага күзөт жана транспорт бөлүп берилет. Ал эми курагына эч тиешеси жок пенсиясынын көлөмү кызматта турган президенттин маянасынын 75 пайызын түзөт. Ал мамлекет башчысынын айлык акысынын өсүшүнө жараша көбөйүп отурат. Экс-президент жана анын үй-бүлөсү акысыз турак жайда жашап, медициналык жактан бекер тейленет.

Ушундай артыкчылыктар берилгенине карабастан, кыргыз экс-президенттерине караганда Борбор Азиядагы кесиптештери жолдуу. Жогорку Кеңеш Кыргызстандын мурунку президенти кылмыш жасаган учурда кол тийбестигинен ажыратып кое алат. Бул процедурадан соң аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга болот. 

Бывший президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев и его сторонники присутствуют на встрече с журналистами в селе Кой-Таш близ Бишкека. 27 июня 2019 года
© REUTERS / Vladimir Pirogov
Кыргызстандын эски президенти Алмазбек Атамбаев

Өзгөчө макамынан ажырап калуу ыктымалдыгы менен бирге эле Кыргызстандын экс-президенттери саясий жактан активдүү иш жүргүзө албайт, ошондой эле жетекчилик кызматтарды да ээлей албайт.

Экс-президент — өмүр бою депутат

Өзбекстандын башчысынын ыйгарым укуктары Кыргызстандын президенттигине окшоп кетет. Ал дагы кол тийбестикке ээ жана толук мамлекет тарабынан камсыздалат. Отставкага башкаруу мөөнөтү аяктаганда же ден соолугунун абалынан улам гана кетет.

Өзбекстан Республикасында экс-президент макамына чоң көңүл бөлүнгөн. Ага да кол тийбестик, күзөт жана мамлекеттик резиденциядан турак жай берилет. Мамлекеттин мурдагы башчысы Өзбекстандын Мажлисинде өмүр бою депутат болуп саналат.

Жаш курагына карабастан, экс-президентке мамлекет башчысынын маянасынын 70 пайыз өлчөмүндө пенсия каралган.

Кимисинин бийлиги күч: президенттикиби же Елбасыныкыбы?

2019-жылдын 12-июнунда Казакстанда расмий түрдө президент алмашты. Нурсултан Назарбаев өз кызматын Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берди. Ошону менен катар эле өлкөнүн тунгуч президенти Елбасы — улут лидери аталып, андан сырткары, Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын ээледи. 

Председатель Сената Парламента Казахстана Касым-Жомарт Токаев (справа) и экс-президент Казахстана Нурсултан Назарбаев на совместном заседании палат Парламента Казахстана. 19 марта президент Казахстана Нурсултан Назарбаев ушел в отставку, Касым-Жомарт Токаев останется главой страны до окончания выборного срока Н. Назарбаева.
© Sputnik / Владислав Воднев
Казакстандын Елбасы Нурсултан Назарбаев жана азыркы президенти Касым-Жомарт Токаев

Негизинен Назарбаевдин президент болуп тургандагы бардык артыкчылыктары сакталды. Себеби, Коопсуздук кеңешинин жетекчиси катары өз саясий ишмердигин улантат. Мыйзамга ылайык, ал өз канцеляриясын жана өзү тандап штат түзүүгө укуктуу.

Елбасына мамлекеттик күзөт, акысыз турак жай, бекер байланыш жана транспорт берилет. Өзү, анын үй-бүлө мүчөлөрү жана алар тарабынан түптөлгөн юридикалык тараптар кол тийбестикке ээ. Экс-президенттин пенсиясы азыркы президенттин маянасынын 80 пайызын түзөт. Анын үй-бүлө мүчөлөрүнө он минималдык пенсиясына тең келген суммада жөлөк пул берилет.

Азыркы өлкө башчысынын ыйгарым укуктары да башка кесиптештериникинен айырмаланбайт, ал дагы мамлекеттик күзөт, резиденциялар, транспорт менен камсыз болот. Кыргызстандагыдай “экстерге” кысым кылуунун бөлөк рычагы жок.

Улут лидери — жөнөкөй президенттен да даражалуу

Тажикстандын экинчи президенти Эмомали Рахмон өлкөнү 28 жылдан бери башкарып келет. 2016-жылы өлкөдө тынчтыктын негиздөөчүсү жана улуттук биримдик жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган. Аны чечмелей турган болсок, Рахмон улут лидерине айланды, бул макам ага чексиз ирет президент болуп шайланууга жол берет. Бирок анын мураскери эгер өзү Конституцияны кайра жазып, улут лидери болуп албаса эле катары менен эки ирет гана президент боло алат. 

Пезидент Таджикистана Эмомали Рахмон на встрече с кыргызстанским коллегой Сооронбаем Жээнбековым в Душанбе
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон

Өзүнүн залкар кызматы үчүн улут лидери өмүр бою Тажикстандын Жогорку жыйынынын улуттук кеңешинин мүчөсү болот. Президенттик ыйгарым укуктарын тапшырган күндө да ал саясий салмагын жоготпойт. Экономикалык жана саясий туңгуюктарда жардамдашууга укугу бар. Улут лидери Душанбе шаарындагы жана туулган жериндеги иш имараттарында өз канцеляриясын түптөй алат.

Тажикстандын президенти да кол тийбестик укугуна ээ, андан мамлекетке чыккынчылык кылган учурда гана ажыратылат.

Аркадаг парламентке өмүр бою мүчө

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Баш мыйзамдын жаңы редакциясында мамлекеттин экс-башчысы парламенттин жогорку палатасынын өмүр бою мүчөсү болору камтылат. Мурда андай жобо жок болчу. 

© Sputnik / Рамиль Ситдиков
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов

Азыр Аркадаг (Түркмөнстан президентинин расмий титулу) мыйзамда жазылган бардык артыкчылыктарынан пайдаланат. Бийликтеги президент өлкөнүн ар бир облусунда кызматтык турак жай, транспорт, күзөт жана жеке китепканасы менен камсыздалат.

Ушундай эле ыйгарым укуктардан мамлекеттин экс-президенти да куру эмес. Бирок мындай артыкчылыктар менен катары эле бир жагдай бар: экс-президентти да, өлкөнүн эки тизгин, бир чылбырын кармап турган башчысын да кол тийбестик укугунан Халк Маслахаты (парламенттин жогорку палатасы) ажыратып коё алат.

Тема боюнча

Борбор Азия президенттери киборг менен жолугушту. Сүрөт
Кимдин баркы менен? Атасын ээрчип саясатка баш баккан уул-кыздар
Белгилер:
Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, макам, укук, Борбордук Азия

ЭҢ МААНИЛҮҮ