Үрүмчүдөн келген кыргызстандык 40 студент карантинден чыгарылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүУсиление санитарно-карантинного контроля в аэропортах
Усиление санитарно-карантинного контроля в аэропортах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктар 13-февраль күнү Алматы шаары аркылуу атайын автобус менен Бишкекке алып келинген.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кытайдын Үрүмчү шаарынан келип 14 күндүк карантинге алынган 40 кыргызстандык студент үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Белгилей кетсек, кыргызстандыктар алгач Казакстандын Алматы шаарына конуп, андан кийин атайын автобус менен Бишкекке алып келинген. Студенттер дароо карантинге алынган болчу.

"Ак-Жол" көзөмөл бекетинен өткөндөн кийин аларга дароо карантин жарыяланган. 14 күндүн ичинде эки ирет анализ алынып, эч кимден коронавирус табылган эмес. Студенттердин абалы жакшы болгондуктан үйлөрүнө чыгарылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Азыркы абал

Ушу тапта Кытайда коронавирусту жугузуп алгандар 80 миң, ал эми каза тапкандар 2 704 адам болду. Оорудан 27 миң киши айыгып кетти. Учурда аталган илдет 30дан ашуун мамлекетке тараган.

Кыргызстан коронавируска байланыштуу Италиядан келгендерге дагы карантиндик тартип киргизди.

Жаңылыктар түрмөгү
0