13:05 03 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.5222
  • EUR82.1316
  • RUB1.0658
Азия
Кыскача шилтеме алуу
616 0 0

Экологдордун айтымында, Борбор Азия мамлекеттери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, экологиялык өзгөрүүлөргө даярдык көрбөсө аймакта куралдуу конфликт жаралышы мүмкүн.

БИШКЕК, 26-фев. – Sputnik. Борбор Азиянын экологиялык бирдиктүү саясаты жок болгондуктан аймак чөлгө айланып калышы мүмкүн. Бул тууралуу "Мөңгү" экологиялык фондунун жетекчиси Урустем Кабылбеков мөңгүлөрдү сактоого багытталган экофорумда билдирди.

Анын айтымына караганда, бүгүнкү күндө жерлерди туура эмес колдонуудан, кенди казууда жардыруу иштерин аткаруудан, тоолуу аймактарга жол куруудан жана абага газ бөлүнүп жаткандыктан мөңгүлөр эрүүдө.

Эколог белгилегендей, мөңгүлөргө Арал көлүнөн туздуу чаңдар да түшүп жатат.

"Аймактардагы айыл чарба өндүрүшү 30 пайызга төмөндөдү. Борбор Азиянын эли көйгөйдү чечүү үчүн бирдиктүү концепция кабыл алышы керек", — деди Кабылбеков.

Экологдун сөзүнө форумдун башка катышуучулары дагы кошулду. Кээ бирлери Кыргызстандын бийлигине "коңшу өлкөлөргө экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнү сунуштагыла" деген кайрылуу жасашы керектигин айтышты.

Ал эми коомдук ишмер жана меценат Аскар Салымбеков суу ресурстары үчүн күрөштө куралдуу конфликттер болуп жатканын билдирди.

Анын пикиринде, эгер Кыргызстан жана Борбор Азиянын башка мамлекеттери бирдиктүү концепция кабыл албаса, аймак чыңалуу зонасына айланышы мүмкүн.

Салымбеков дүйнө азыр эле климаттык өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатканын айтты.

"Бул конференция Борбор Азиянын бирдиктүү концепциясын кабыл алуу үчүн жасалган биринчи кадам болушу керек. Бийликке кайрылуу жазалы", — деди Салымбеков.

Ал ошондой эле климаттын өзгөрүшү боюнча Париж келишиминин алкагында түзүлгөн (2015-жыл) ири капиталы бар фонддон жардам алууга мүмкүн экенин белгилеген. Меценаттын айтымында, Борбор Азия мамлекеттери программа иштеп чыгып фондго бирдиктүү кайрылуу жөнөтсө болот.

Тема боюнча

Илбирстин чоң топозду өлтүрүп жеп койгонго күчү жетет. Эколог менен маек
Кадыралиев: автоунааларды газга өткөрсөк шаардын абасы тазарат
Белгилер:
форум, климат, экология, Мөңгү, Борбордук Азия

ЭҢ МААНИЛҮҮ