Алматыда кулаган учак: иштегендер айлык, жабыркагандар компенсация ала албай жатат

© Sputnik / Тимур БатыршинРабота казахстанской авиакомпании Bek Air
Работа казахстанской авиакомпании Bek Air - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
27-декабрда Алматы аэропортунан саат 7:05те абага көтөрүлгөн учак кулап түшкөн. Каргашанын кесепетинен 12 адам каза болгон, анын ичинде экипаждын командири бар. Учурда учакка ээлик кылган авиакомпания иштебей турат.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. 27-декабрь күнү Алматы шаарында кыйраган учакка ээлик кылган Bek Air компаниясынын кызматкерлери президентке кайрылышты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, алар бир айдан бери айлык албай, карызы барлар үйлөрүнөн кол жууп, көчөдө калуу коркунучунда турат.

Кырсыктан аман калган борт коштоочу Мурат Саховдун жубайы азыр жашап жаткан батирин ипотекага алганын, айына 100 миң теңгеден төлөрүн айтты.

"Жолдошум маяна албаса келерки айларды төлөй албай, үч бала менен көчөдө калабызды деп коркуп жатам. Тергөө иштерин тезирээк жүргүзүп, маселени чечип беришсе болот эле", — деди келин.

Ошондой эле авиакомпаниянын билеттерин кырсык болгонго чейин алып койгондор акчасын, кыйроодо жабыркагандар моралдык компенсациясын ала албай жатканы айтылат.

Алматыда кыйраган учак

Крушение пассажирского самолета в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Үстүнө муз тоңгон. Алматыдагы авиакырсыктын негизги себеби айтылды
27-декабрда Алматы аэропортунан саат 7:05те абага көтөрүлгөн учак кулап түшкөн. Каргашанын кесепетинен 12 адам каза болгон, анын ичинде экипаждын командири бар. Андан бир ай өткөн соң аба кемесинин экинчи учкучу да көз жумган.

Учак Bek Air авиакомпаниясына таандык эле. Борт ичинде 95 жүргүнчү, экипаждын беш мүчөсү бара жаткан.

Кыйроодон кийин териштирүү иштери аяктаганга чейин авиакомпаниянын сертификатын кайтарып алып, каттамдарын токтотуп коюшкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0