Нур-Султанды кар басты. Казакстан борборунда 56 жыл мурдагы абал кайталанды

© Sputnik / Абзал Калиев / Медиабанкка өтүүМетель в Нур-Султане
Метель в Нур-Султане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Январда Казакстандын борборуна түшкөн кардын көлөмү 1964-жылы коюлган рекордду кайталады. Коммуналдык кызмат кыштан бери 2,5 миллионго жакын куб көлөмдөгү карды тазалап чыгарган.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. 2020-жылдын январь айында Нур-Султанга түшкөн кардын жагдайы мындан 56 жыл мурда болгон тарыхты жаңылады. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

© Sputnik / Владислав Воднев2020-жылдын январь айында Нур-Султанга түшкөн кардын жагдайы мындан 56 жыл мурда болгон тарыхты жаңылады.
2020-жылдын январь айында Нур-Султанга түшкөн кардын жагдайы мындан 56 жыл мурда болгон тарыхты жаңылады. - Sputnik Кыргызстан
1/2
2020-жылдын январь айында Нур-Султанга түшкөн кардын жагдайы мындан 56 жыл мурда болгон тарыхты жаңылады.
© Sputnik / Ксения ВоронинаУчурда кар менен бороон Казакстан борборунун жашоочулары үчүн бир топ кыйынчылыкты жаратууда.
Учурда кар менен бороон Казакстан борборунун жашоочулары үчүн бир топ кыйынчылыкты жаратууда. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Учурда кар менен бороон Казакстан борборунун жашоочулары үчүн бир топ кыйынчылыкты жаратууда.
1/2
2020-жылдын январь айында Нур-Султанга түшкөн кардын жагдайы мындан 56 жыл мурда болгон тарыхты жаңылады.
2/2
Учурда кар менен бороон Казакстан борборунун жашоочулары үчүн бир топ кыйынчылыкты жаратууда.

Учурда кар менен бороон Казакстан борборунун жашоочулары үчүн бир топ кыйынчылыкты жаратууда.

Нур-Султан шаарындагы бороон - Sputnik Кыргызстан
Казакстандагы бороондон миңдеген адам автоунаасынан чыга албай калды. Видео
Казгидрометтин өкүлү Алуа Саханова абал февраль айында өзгөрүшү мүмкүндүгүн билдирди. Анткен менен кар улам жаап, аны бороон-чапкын коштоору айтылды.

Борбордук акимиаттан 28-январда карды тазалап жана ташып чыгуу үчүн 1 159 атайын техника пайдаланылып, 1 435 жумушчу ишке чыккан. 29-январда 25 391 куб метр кар чыгарылган.

Жакынкы үч күндүн ичинде Казакстанда абанын температурасы -30 градуска жетиши күтүлүүдө. Өлкөнүн борборунда аба ырайы 26-январь күнү кечке маал бузулган. Тагыраагы, дароо бороон башталып, шамалдын ылдамдыгы секундасына 28 метрге жеткен. Мындан улам коңшу мамлекетте 27-январдан тарта өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Коммуналдык кызмат кыштан бери 2,5 миллионго жакын куб көлөмдөгү карды ташып чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0