17:01 24 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.6266
  • RUB1.0863
Азия
Кыскача шилтеме алуу
2421 0 0

Казакстанда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Тыгында калган автоунаалардын айдоочулары менен жүргүнчүлөрү үчүн эвакуация пункту уюштурулуп, ысык тамак таратылууда.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Казакстанда бороон-чапкындан улам өлкөдөгү республикалык деңгээлдеги көчөлөрдүн үчтөн бир бөлүгү жабылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Жакынкы үч күндүн ичинде Казакстанда абанын температурасы -30 градуска жетиши күтүлүүдө. Өлкөнүн борборунда аба ырайы 26-январь күнү кечке маал бузулган. Тагыраагы, дароо бороон башталып, шамалдын ылдамдыгы секундасына 28 метрге жеткен. Мындан улам коңшу мамлекетте 27-январдан тарта өзгөчө кырдаалдар режими жарыяланган.

Бороондон миңдеген адам автоунаасынан чыга албай калган. Коммуналдык кызматтар болсо тыгылып калган автоунааларды чыгарууга күнү-түнү жардам берип жатат. Унаа жолдорунда 671 атайын техника иштеп жатканы маалымдалды. Мындай аба ырайы Казакстандын көпчүлүк аймактарында байкалууда.

Бороондон жол дээрлик көрүнбөй калгандыктан, Нур-Султанга кирип-чыкчу бардык жолдор жабылып калды.  Ошондой эле Нур-Султан эл аралык аэропорту убактылуу жабылып, бардык каттамдар токтотулду.

Жол кырсыгынан улам Щучинск — Нур-Султан унаа жолунда 100гө чукул автоунаа тыгында калган. Бул жерде эвакуация пункту ачылып, айдоочу жана жүргүнчүлөргө ысык тамак берилүүдө.

Билим берүү министрлиги мектеп, колледждерде студенттер үчүн сабак болбой турганын айтса, Өзгөчө кырдаалдар департаменти иш күндү кыскартууну сунуштады.

Тема боюнча

Өрт аз келгенсип. Австралияны кумдуу бороон каптап, сел жүрүүдө. Видео
Белгилер:
эвакуация, аба ырайы, бороон, Казакстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ