Мирзиёев: быйыл Өзбекстанда бир миллион IT адиси даярдалат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВторая Консультативная встреча глав государств Центральной Азии в городе Ташкенте
Вторая Консультативная встреча глав государств Центральной Азии в городе Ташкенте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандын президенти жаштарга шарт түзүп, чет өлкөгө кетирбей кармап калуу аракетин көрүп жатканын белгилейт.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Өзбекстан быйыл бир миллион IT адисин даярдоо программасын ишке киргизди. Бул туурасында президент Шавкат Мирзиёев Олий Мажлисте билдирүү жасап жатып айтты.

Сөзүнүн башында ал 2020-жылды Өзбекстанда "Илим, агартуу жана санарип экономиканы өнүктүрүү жылы" деп жарыялаганын жар салды. Буга байланыштуу быйыл жасала турган иштерге токтолуп өттү.

"Маалыматтык технология жаатында жогорку билимдүү адистерди даярдап чыгуу максатында чет элдик өнөктөштөр менен биргеликте "Бир миллион программист" долбоорун жүзөгө ашырдык. Ташкент шаарында заманбап жабдуулар менен камтылган IT-парк ишке кирип жатат. Ал алгачкы натыйжаларын бере баштады. Мындай парктар Нукус, Наманган, Бухара, Самарканд, Гүлистан жана Ургенч шаарларында дагы ачылып, быйыл пайдаланууга берилет. Анткени биз дилгир жаштарга шарт түзүп алып калышыбыз керек, болбосо алар башка өлкөлөргө иштегени кетип калышат", — деди Мирзиёев. 

Интерактивная школа в Волгограде - Sputnik Кыргызстан
Бир жыл ичинде Кыргызстандын бардык мектептери компьютер менен жабдылат
Мындан сырткары, ал өткөн жылы бардык шаар менен райондун борборлору жогорку ылдамдыктагы интернетке кошулганын белгилеп, алдыдагы эки жылда өлкөдөгү бардык айыл-кыштактар камсыздала турганын кошумчалады.

Ал эми эки айдын ичинде "Санарип Өзбекстан — 2030" долбоорун иштеп чыгуу соңуна чыгарын айтты. Анын алкагында премьер-министрдин, министрдин, ведомстволордун жана акимдердин ушул тармакты тескеген орун басарлары дайындала турганын билдирди. Башкача айтканда, кошумча кызмат орду түзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0