Жолугушуу элчи Дэвэндин демилгеси менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратында уюштурулган. Тараптар коронавирус тууралуу талкуулашты.
Кытайда тараган кооптуу вирус бир нече айдан бери адам өмүрүн алууда. Дарт өлкө провинцияларынан тышкары дүйнөнүн 100дөн ашык мамлекетине жайылып, миңдеген кишинин өмүрүн алууда.
Коронавирус өзүнө отуздан ашык вирусту камтыйт. Алгач ирет 1965-жылы пайда болгону байкалган. Оорудан дем алуу органдары, ичеги-карын, нерв системасы зыян тартат.
Учурда Кытайдагы табылган коронавирустун жаңы тиби дүйнө коомчулугун түйшөлдүрүп турган чагы. Ал Азиядан сырткары башка континенттерге да жайыла баштады.