Кытайда жаңы типтеги коронавируска дагы 17 киши чалдыкты

© AFP / STRЗаражения новым типом коронавируса в Китае
Заражения новым типом коронавируса в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
19-январга карата ооругандардын саны 62ге жетти, алардын экөө көз жумган. Кытайда бул дарт декабрдын аягында байкалып, адистер оорунун козгогучу коронавирус экендигин боолголошкон.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кытайдын Ухань шаарынын Хубэй провинциясынын Саламаттык сактоо комитети жаңы типтеги коронавируска дагы 17 киши чалдыкканын кабарлады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайда тараган вирустун алгачкы белгилери айтылды
Мекеменин билдирмесине ылайык, 17 бейтаптын 12си эркек киши, ал эми бешөө аял. Эң жаш бейтап 30да, ал эми карысы 79 жашта. Алардын оорусунун белгилери 13-январда байкала баштаган. Алгач дене табы көтөрүлүп, жөтөлүшкөн.

Үч бейтаптын абалы оор, калганынын ден соолугу туруктуу деп бааланып жатат. Ак халатчандар бул илдетке чалдыккан адамдар менен жакын байланышта болгондорду дагы көзөмөлгө алышты.

Белгилей кетсек, декабрдын аягында Ухань шаарынын Хубэй провинциясында белгисиз өпкө оорусунун жайылганы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирус экендигин боолголошкон. 19-январга карата ооругандардын саны 62ге жетти, алардын экөө көз жумду

Коронавирус  өзүнө отуздан ашык вирусту камтыйт. Алгач ирет 1965-жылы пайда болгондугу байкалган. Адамдардын, үй жаныбарларынын, куш, чочко, ири мүйүздүү малдын саламаттыгын жабыркатат. Оорудан дем алуу органдары, ичеги-карын, нерв системасы зыян тартат.

Жаңылыктар түрмөгү
0