Кытайда пайда болгон жаңы вирустан биринчи бейтап каза тапты

© AFP / Isaac LawrenceБорьба с птичьим гриппом H7N9 в Китае
Борьба с птичьим гриппом H7N9 в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайлык адистер дарттын козгогучу коронавирус экенин болжоп жатышат. Учурда аны аныктоо, дарылоо жана көзөмөлдөө жолдору иштелип чыкты. Илдет өзүнө 30дан ашык вирусту камтыйт.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кытайдын Ухань шаарында коронавирус менен ооруган биринчи бейтап каза болуп, дагы 40 киши ооруп жатат. Ошондой эле жүздөгөн адам көзөмөлгө алынды. Бул туурасында РИА Новости Саламаттыкты сактоо боюнча шаардык комитетке таянып жазды. 

Белгилей кетсек, декабрдын аягында Ухань шаарынын Хубэй провинциясында белгисиз өпкө оорусунун жайылганы байкалган. 5-январга карата 59 киши илдетти жуктурганы маалым болгон. 9-январда кытайлык эксперттер оорунун козгогучу коронавирустун жаңы тиби экенин болжошкон.

"Учурда болжолдуу диагноз менен 41 киши ооруп, анын экөөсү бейтапканадан чыгарылды, жетөө оор абалда. Тилекке каршы, бир адам каза болуп калды, калган бейтаптардын абалы туруктуу", — деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, оорулуулар менен иштеген дарыгерлер дагы текшерүүдөн өткөрүлгөн.

Российские медики разработали вакцину против лихорадки Эбола - Sputnik Кыргызстан
Кытайда пайда болгон жаңы оору Кыргызстанга өтүшү мүмкүнбү? Министрликтин жообу
Адистер дарттын козгогучу коронавирус экендигин болжогондон кийин аны аныктоо, дарылоо жана көзөмөлдөө ыкмаларын иштеп чыгышкан. 10-январда нуклеин кислотасынын ыкмасы менен илдеттин козгогучун иликтөө толугу менен аяктаган.

Коронавирус — өзүнө отуздан ашык вирусту камтыйт. Алгач ирет 1965-жылы пайда болгондугу байкалган. Адамдардын, үй жаныбарларынын, куш, чочко, ири мүйүздүү малдардын саламаттыгын жабыркатат. Оорудан дем алуу системасы, ичеги-карын, нерв системасы зыян тартат.

Кытайда пайда болгон жаңы вирус Кыргызстанга өтүп кетпеши үчүн кыргыз-кытай чек ара бекеттеринде медициналык көзөмөл күчөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0