23:39 20 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.4170
  • RUB1.0958
Азия
Кыскача шилтеме алуу
10-январдагы кыргыз-тажик чек арасындагы чыр (15)
221 0 0

Учурда ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев жеринде иш алып барышууда.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстандын вице-премьери Жеңиш Разаков тажикстандык кесиптеши Азим Иброхим менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Тараптар Баткен облусунда болгон окуядан кийин кырдаалдын курчушуна жол бербөө, кандайдыр бир чагымчылдыкка алдырбоо боюнча комплекстүү иштерди аткаруу зарылдыгын белгилешкен.

"Эки өлкөнүн вице-премьерлери кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторуна 2020-жылдын январь айында Кыргызстандын аймагында кезектеги жолугушууну өткөрүү тапшырмасын беришти", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле тараптар окуяны биргеликте иликтөөнү макулдашышты.

Учурда ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев жеринде иш алып барышууда.

Эки тарап тең чек арага чектеш аймактарда элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Чек ара чыры

Эскерте кетсек, бүгүн түнкү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Жака-Өрүк аймагында белгисиз адамдар Баткенди көздөй бара жаткан кыргызстандыктын автоунаасын ташка алып, терезелери талкаланган. Андан соң алар Тажикстанды көздөй кирип кетип, из жашырган.

Ал эми саат 1.00дө Тажикстандын Көчө-Карын тарабынан кишилер Баткенден Көк-Таш айылын көздөй бара жаткан дагы бир кыргызстандыктын автоунаасына таш ыргыткан. Анын да маңдайкы айнеги сынган.

Болжол менен 02:40та тажикстандыктар Дахма аймагындагы кыргызстандыктардын үйүн ташка алган. Ал жерге барган кыргызстандык чек арачылар менен милиция кызматкерлерине Тажикстан тараптан ок атылган.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу айылдагы аялдар менен балдар мектептин имаратына алып келинген.

Тема:
10-январдагы кыргыз-тажик чек арасындагы чыр (15)

Тема боюнча

Абылгазиев чек араны кайтарууну күчөтүүнү тапшырды
Белгилер:
вице-премьер-министр, чек ара, Тажикстан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ