Үстүнө муз тоңгон. Алматыдагы авиакырсыктын негизги себеби айтылды

Жазылуу
27-декабрда Алматы аэропортунан саат 7:05те абага көтөрүлгөн учак кулап түшкөн. Каргашанын кесепетинен 12 адам каза болгон, анын ичинде экипаждын командири бар.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Өкмөттүк комиссия Bek Air компаниясына таандык учактын Алматы облусунда кыйрашынын себептери тууралуу алдын ала маалымат беришти. Бул жөнүндө Sputnik Казакстан жазды. 

"Аэропортто эки суткадан ашык турган борттун үстү жагына тоңгон муз учакты кулатышы мүмкүн. Андыктан кырсыктын негизги себеби катары учактын тоңуп калышы каралып жатат", — деди өлкөнүн вице-премьери Роман Скляр.

Анын айтымында, тоңуп калууга каршы каражат борттун айрым жерлерине гана сүйкөлгөн.

"Аба кемесинин командири музга каршы каражатты учактын тең салмакты сактоочу бөлүктөрүнө гана сүйкөтүүнү чечкен. Ал эми канаттарына сүйкөлгөн эмес", — деди Скляр.

Ошондой эле ал техникалык башка жагдайлар бардык талапка туура келгенин, экипаж тараптан аба кемесине карата нааразычылыктар айтылбаганын билдирди.

Алматыда кыйраган учак

27-декабрда Алматы аэропортунан саат 7:05те абага көтөрүлгөн учак кулап түшкөн. Каргашанын кесепетинен 12 адам каза болгон, анын ичинде экипаждын командири бар. Ал эми 49 адам жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Кулаган учак Bek Air авиакомпаниясына таандык болгон. Борт ичинде 95 жүргүнчү, экипаждын беш мүчөсү бара жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0