БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Ташкентте үрөй учурган жол кырсыгы катталып, адамдар тирүүлөй өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Uz24 басылмасына таянып, Sputnik Өзбекстан агенттиги жазып чыкты.
Окуя 9-январдан 10-январга караган түнү болгон.
"Эл достугу проспектисинде BMW жана Gentra үлгүсүндөгү унаалар кагышып кеткен. Автоунаанын ичиндеги адамдар сыртка чыга албай калып, тирүүлөй өрттөнүп кетишкен", — деп жазылат маалыматта.
Алдын ала маалыматтар боюнча, эки унаанын бирин аял киши башкарып бара жаткан.
Интернетте жүрөк үшүн алган жол кырсыктын видеосу пайда болду.