Прокуратура Гүлнара Каримованын дагы бир ишин сотко өткөрүп берди

© Sputnik / Валерий Левитин / Медиабанкка өтүүДень рождения основателя ювелирного дома De Grisogono
День рождения основателя ювелирного дома De Grisogono - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандын тунгуч президентинин кызы акча опузалоо, бюджеттик каражатты уурдоо жана башка кылмыштарга айыпталууда.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримова жана анын тегерегиндеги адамдардын кылмыш иши тергелип бүткөнүн билдирди.

Маалыматта прокуратуранын айып коюу менен чыгарган корутундусу сотко жиберилгени айтылат.

Нападение с ножом на беременную женщину в Бад-Кройцнахе - Sputnik Кыргызстан
Адам уурдоо, рейдерлик, оффшор... Ажолордун кылмышка аралашкан балдары
Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова акча опузалаган, бюджеттик каражатты уурдаган жана кылмыш жолу менен табылган чет өлкөдөгү кирешелерин адалдаган деп күнөөлөнүүдө.

Эске салсак, Каримова 2015-жылы "Опузалоо" жана "Салык төлөөдөн баш тартуу" беренелери менен камалып, 2017-жылы 10 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк ага карата дагы башка кылмыш иштери козголуп прокуратура тергеп жаткан. Соңку ирет тагылган айыпта Каримованын мамлекетке 165 миллион доллар чыгым келтиргени айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0