Казакстанда үйдөгү зомбулук үчүн айып салуудан башка жаза каралмай болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЦентр милосердия в Ленинском районе Бишкека
Центр милосердия в Ленинском районе Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыпга жыгуу чарасы натыйжасыз деп табылган. Эми зордук-зомбулукка баргандарга катаал жаза колдонулмакчы.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Казакстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы жаза катаалдады. Эми былтыркы жылдын  соңунда кол коюлган мыйзамга ылайык, мындай кадамга баргандар камакка алынат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды. 

Өлкөнүн күч органдары айып пул салуунун натыйжасы аз экенин белгилешкен. Анткени үйгө тынчтык бербеген адам айыпты үй-бүлөлүк бюджеттен төлөп, мындан анын жакындары жабыркаган.

Бычак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Төбө чачты тик тургузган кылмыштар. Декабрдагы соттук чечимдердин тизмеги
Эми мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жабырлануучунун денесине жеңил залака келтирген адам эскертүү алат же 15 суткага камакка алынмакчы.

Кол көтөрүп, бирок андан жабырлануучунун саламаттыгына катуу доо кетпесе, айыпкер эскертүү алып же 10 суткага камалат. Ал эми мындай жосундар кайталана турган болсо эскертүү берилбей, 20 суткага камакка алынары айтылды.

Мындан тышкары, эми Казакстанда чыр чыгарып, элдин тынчын алгандар үч эмес, беш суткага чейин камакта болот.

Айыпкердин жазадан кутулуу да жолу бар, мында ал жабыркаган тарап менен сүйлөшүп, макулдашып, чыгымын төлөп бериши керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0