Казакстанда кирешеси аздарга насыя бербей калышты

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүВыдача кредитов
Выдача кредитов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мунун негизги максаты — карапайым элдин карыздын үстүнө карыз алып, банктарга айлап-жылдап бересе болгон жашоосун токтотуу.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Казакстан жаңырган жылдын 1-январынан тарта кирешеси төмөн жарандарга күрөөсүз насыя берүүнү токтотту. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Буга өлкөдө салык мыйзамына киргизилгөн өзгөртүүлөр себеп болду.

"Кирешеси тиричилик минимумунан ашпаган, тагыраагы, айлыгы 31 183 тенгеден (81 доллар) төмөндөргө банктар насыя бербейт. Ошондой эле ишсиздер дагы кредит ала албайт. Банкка кайрылуу үчүн эми жарандар сөзсүз акыркы бир жыл ичиндеги кирешеси тууралуу документ көрсөтүшү керек”, — деп жазылган маалыматта.

Мунун негизги максаты — карапайым элдин карыздын үстүнө карыз алып, банктарга айлап-жылдап бересе болгон жашоосун токтотуу экендигин айтышты.

Ал ортодо Кыргызстанда чакан насыя алгандардын саны өсүп бара жатат. 2019-жылы тогуз ай ичинде (январь-сентябрь) микрокредит алгандардын саны мурдагы жылга салыштырмалуу 35 пайызга өскөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0