Чыксак учак экиге бөлүнүп калыптыр... Алматыдагы авиакырсыктын алгачкы кадрлары

© REUTERS / PAVEL MIKHEYEVАвиакрушение пассажирского самолета в Алматы
Авиакрушение пассажирского самолета в Алматы  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык бүгүн эртең менен болгон. Алматы шаарынан саат 7:05те абага көтөрүлгөн учак эки кабаттуу бетон курулушту сүзгөн. Акыркы маалыматтар боюнча, самолеттун ичиндеги 95 жүргүнчүнүн 14ү каза тапкан.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Авиакырсыктан кийинки алгачкы кадрларды каргашага кабылган учактын жүргүнчүсү жарыялады. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазып чыкты.

​Жүргүнчү кыз Марал Ермандын айтымында, бардыгы күтүүсүз жана бир ирмемде эле болуп кеткен.

"Самолет абага көтөрүлүп бара жатканда эле калдаңдап калды. Анан кайра конгондой болдук. Көрсө, бир нерсени сүзүптүрбүз. Учактын ичинде башаламандык деле болгон жок. Эч ким кыйкырып-өкүрүп, ыйлаган жок. Мен шок абалында калдым окшойт, көп нерсе эсимде жок. Эмне болгонун түшүнгөн да жокпуз. Учактын канат жагына жакын отургам. Бир маалда стюард эшикти ачып, сыртка чыктык. Ошондо гана учактын экиге бөлүнүп калганын көрдүк", — деген Марал.

Авиакрушение пассажирского самолета в Алматы - Sputnik Кыргызстан
Алматыдагы учак кырсыгы: ТИМ кыргызстандыктардын бар-жогун тактап жатат
Кыздын айтымында, окуядан жабыркагандар көп эле.

"Алгач бирөөлөр келип, учактын ичинен балдарды чыгара башташты. Андан кийин өрт өчүрүүчүлөр, тез жардам келди. Жабыркагандар көп болчу. Мени жакындарым келип алып кетти", — деди кырсыктын күбөсү.

Белгилей кетсек, кырсык бүгүн эртең менен болгон. Алматы шаарынан саат 7:05те абага көтөрүлгөн учак эки кабаттуу бетон курулушту сүзгөн. Акыркы маалыматтар боюнча, самолеттун ичиндеги 95 жүргүнчүнүн 14ү каза тапкан. Жаракат алгандар ооруканаларга жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0