Учак каргашасы: алматылыктарды кан берүүгө чакырык жасалды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЦентр переливания крови ФМБА России
Центр переливания крови ФМБА России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык болгон жерде 1000ге чукул куткаруучу, Тез жардамдын 33 бригадасы жана 70тей техника иштеп жатат.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Учагы кырсыктаган Bek air авиакомпаниясынын ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен аталган компанияга тийиштүү учак абага көтөрүлгөндөн кийин кулап, акыркы маалымат боюнча 14 киши каза тапты. Самолеттун ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон.

Маалыматка ылайык, учак Алматы шаарынан Нур-Султанга багыт алып бараткан. Кеминде 30га чукул киши ар кандай жаракаты менен ооруканаларга жеткирилген.

Ушу тапта алматылыктарды кан берүүгө чакырышты. Ал эми кырсык болгон жерде 1000ге чукул куткаруучу, Тез жардамдын 33 бригадасы жана 70тей техника иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0