Өзбекстанда парламенттик шайлоо башталды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүВыборы президента Узбекистана
Выборы президента Узбекистана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоочулардын бирдиктүү тизмесинде 20,5 миллиондон ашык жаран катталган. Анын ичинде 1,7 миллион киши чет өлкөлөрдө добуш берет.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Өзбекстанда бүгүн эл парламент депутаттарын шайлайт. Добуш берүү участоктору саат 8.00дөн тарта иштей баштаганын Sputnik Өзбекстан жазды. 

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Бабанов "Республиканын" лидерлигинен кетип, ордуна башка келди
Шайлоочулардын бирдиктүү тизмесинде 20,5 миллиондон ашык жаран катталган. Анын ичинде 1,7 миллион киши чет өлкөлөрдө добуш берет.

Бул жолку шайлоо жаңы кодекстин негизинде өтөт. Ага биринчи жолу беш партия катышат. Алар Өзбекстандын элдик-демократиялык партиясы, Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясы, "Миллий тикланиш" демократиялык партиясы, "Адолат" социалдык-демократиялык партиясы жана Өзбекстандын экологиялык партиясы.

Шайлоого катышуу үчүн ар бир партия шайлоочулардан 40 миңден кем эмес кол топтошу керек. Документтер шайлоого 35 күн калган убакытка чейин кабыл алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0