Өзбекстан The Economist журналынын версиясы боюнча "жылдын өлкөсү" аталды

© AFP / BRENDAN SMIALOWSKI / POOLГорода мира. Самарканд. Узбекистан
Города мира. Самарканд. Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
The Economist — англис тилинде жума сайын чыккан журнал. Британиялык The Economist Group медиакомпаниясына таандык. Улуу Британияда 1843-жылдан бери чыгып келет.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Өзбекстан британиялык The Economist журналынын версиясы боюнча "жылдын өлкөсү" аталды. Мамлекет мындай наамга президент Шавкат Мирзиёевдин жасаган реформаларына байланыштуу татыган.

Журналда быйыл республикада "өкүм зордук" төмөндөгөнү белгиленген. Макаланын авторлорунун пикиринде, өзгөрүүлөр 2018-жылы Мирзиёевдин реформа боюнча демилгесинин арты менен башталган.

"Үч жыл мурда Өзбекстан постсоветтик диктатура өкүм сүргөн, жабык мамлекет болчу", — деп айтылат маалыматта.

Встреча канцлера Германии Ангела Меркель с членами команды немецкой сборной по гандболу в Берлине. - Sputnik Кыргызстан
2019-жылдын эң таасирдүү айымы аталды. Рейтинг
Ошондой эле өлкөнүн жетишкендиктерине пахтанын экспорту азайып, ата мекендик текстиль өнүгө баштаганы мисал катары келтирилген.

Мындан сырткары, өкмөт элди кыйнап иштетүүнү токтотуп, чет элдик журналисттердин ишине уруксат берип, чек ара бекеттерин көбөйткөнү айтылды.

The Economist — англис тилинде жума сайын чыккан журнал. Британиялык The Economist Group медиакомпаниясына таандык. Улуу Британияда 1843-жылдан бери чыгып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0