Казакстанда автобус ала салып, 35 кишинин жетөө каза болду

© Фото / КЧС РКДТП с автобусом на 85-м километре трассы Кызылорда — Кумколь в Казахстане
ДТП с автобусом на 85-м километре трассы Кызылорда — Кумколь в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу тайгак жолдо автону башкара албай калып, жүргүнчүлөр бара жаткан унаа ала салып кеткен. Жеринде куткаруучулар иштеп жатат.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Казакстанда 35 жүргүнчү бара жаткан автобус кырсыкка учурап, жети адам көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Алты киши кырсык болгон жерден көз жумуп, бирөө ооруканага бара жаткан жолдо үзүлгөн. 14 адам ар кандай жаракат алды.

"Айдоочу тайгак жолдо автону башкара албай калып, жүргүнчүлөр бара жаткан унаа ала салып кеткен. Жеринде куткаруу кызматы иштеп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Кырсык шейшемби күнү эртең менен Кызылордо — Кумкөл автожолунда болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0