4 жаштан баштап... Тажикстанда чек арага кол салгандардын арасында 13 бала болгон

© Фото / МВД Республики ТаджикистанНападение на таджикскую пограничную заставу на госрубежах с Узбекистаном
Нападение на таджикскую пограничную заставу на госрубежах с Узбекистаном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ноябрдын башында 20га чукул куралчан согушкер тажик-өзбек чек арасындагы "Ишкобод" бекетине кол салып, атышуудан бир чек арачы менен бир милиционер каза тапкан. Күч структураларынын операциясы маалында 15 согушкер жок кылынып, дагы бешөө колго түшүрүлгөн.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. 6-ноябрь күнү тажик-өзбек чек арасындагы "Ишкобод" бекетине кол салгандардын арасында  жашы жете элек 13 бала болгон. Бул тууралуу Тажистандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Мухаммад Саидов Душанбеде өткөн "Үй-бүлөнү бекемдөө — укуктук коомдун өзөгү" форумунда айтты.

Анын сөзүнө таянып Sputnik Тажикстан агенттигинин жазганына караганда, кол салууга баары болуп 9 эркек, 11 аял жана 4 жаштан 15 жашка чейинки 13 бала катышкан.

"Булар — Согди облусунда жашаган бир нече үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Баарынын жашоо-турмушу жакшы болгон. Мисалы, топтун лидери Шухрат Гафуровдун байлыгы миллион сомониге бааланды", — деди Саидов.

Алар борбор калаага келип бир үйгө жайгашкан. Аймактык милиционер бир үйдө 30дан ашык киши жашап жатканын көргөнү менен көңүл бурган эмес.

Бойцы-моджахеды в Афганистане. - Sputnik Кыргызстан
Тажикстан: Афганистанда террорчулардын саны көбөйүп кетти
Белгилей кетсек, 6-ноябрга караган түнү 20га чукул куралчан согушкер тажик-өзбек чек арасындагы "Ишкобод" бекетине кол салып, беш автоматты алып кетишкен.

Күч структураларынын операциясы маалында 15 согушкер жок кылынып, дагы бешөө колго түшүрүлгөн.

Атышуудан бир чек арачы менен бир милиционер каза тапкан. Кийинчерээк кол салган согушкерлер "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрү экени аныкталган

Жаңылыктар түрмөгү
0