Өзбекстан чет өлкөдөн кайтып келген аялдарды жумуш менен камсыздайт

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүТигүү цехи. Архив
Тигүү цехи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстан жыл башынан бери ар кандай жагдайлардан улам башка өлкөдө калган балалуу аялдарды мекенине кайтаруу аракетин көрүп жатат.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Өзбекстан бийлиги сыртта иштеп жүрүп кайра кайткан жана жашоо шарты оор аялдарды жумуш орундары менен камсыз кылуу үчүн атайын программа иштеп чыкты. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

Программага ылайык, Эмгек министрлиги жана Аялдар комитети биргеликте иш алып барып, эки жылда жардамга муктаж кыз-келиндердин басымдуу бөлүгүн жумуш менен камсыздамай болду.

"Иш менен биринчи кезекте башка өлкөдөн мекенине кайткан аялдар жана айрым эмгек мигранттардын мекенинде калган аялдары камсыз болот. Мындан тышкары, жашоо шарты оорлорго да колдоо көрсөтүлөт. Жумушка алына тургандардын тизмеси түзүлүп, ар ким өз кезегин күтөт", — деп жазылат макалада.

Сообщение о взрывном устройстве в аэропорту Манас - Sputnik Кыргызстан
Элчи: акыркы жылдары КРдин түштүк аймагынан Россияга 660 миң адам барды
Эске салсак, Өзбекстан жыл башынан бери ар кандай жагдайлардан улам башка өлкөдө калган балалуу аялдарды мекенине кайтаруу аракетин көрүп жатат. Мисалы, ушул жылдын май айында 156 баланы энелери менен, октябрь айында 64 өспүрүмдү Өзбекстанга алып келишкен.

Кыргызстанда дагы миграция маселеси күч. Расмий маалыматтарга караганда, акыркы жылдары Кыргызстандан иш издеп башка өкөлөргө чыккан аялдардын саны өсүүдө. Алар мигранттардын дээрлик 40 пайызын түзөт. Басымдуу бөлүгү 20-40 жашта.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0