Нур-Султандын бир бөлүгү суусуз калды. Чака-чайнегин көтөрүп сыртка чыккан эл

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЖители города в водопровода на улице. Архивное фото
Жители города в водопровода на улице. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таңкы саат 5:40тар чамасында суу берүү түтүгүндө авария болгон. Тийиштүү кызматтар кечки саат 20:00дө калыбына келтиребиз дегени менен белгиленген убакытта иштер аяктаган эмес.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Казакстандын борбору Нур-Султан шаарынын бир бөлүгү жекшемби күнү, 17-ноябрда, авариядан улам суусу жок калган. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Ага ылайык, таңкы саат 5:40тар чамасында суу берүүчү түтүк жарылып, 20дан ашык көп кабаттуу үй суусуз калган. Суу менен камсыздаган "Астана Су Арнасы" ишканасы тургундарга водовоз менен суу жеткирген.

Бирок шаар тургундары тийиштүү ишкана эч кандай суу алып келбей жатканын социалдык тармакка жазышкан.

Выступление президента Казахстана К.-Ж. Токаева на открытии сессии парламента - Sputnik Кыргызстан
Нур-Султандын бир бөлүгүндө эки суткадан бери жарык жок. Токаев үн катты
Нур-Султан акимиатынын берген маалыматы боюнча, 17-ноябрда кечки саат 22:10до авария четтетилип, суу берүү калыбына келген.

Эске салсак, 10-ноябрда түнкү саат экиде "Левобережная" көмөк чордонунда кабель күйүп кеткен. Анын кесепетинен жети турак жай комплекси менен 25 административдик имарат жарыксыз калган.

Электр энергиясы мамлекеттик маанилүү объектилерде дагы өчкөн. Алардын ичинде Акорда, өкмөттүн имараты, Жогорку сот, сенат, мажилис, министрлер үйү да бар.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0