08:51 06 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4602
  • RUB1.0946
Виски кармаган киши. Архивдик сүрөт

Түрмөдө отургандар бешбармак жеп, виски ичип. Казакстандагы видео

© AP Photo / Andrew Harnik
Азия
Кыскача шилтеме алуу
9102 0 0

"Астана" телеканалы түрмөдө жакшыртылган шартта отуруп, кандай чүйгүн тамактарды жегенге боло тургандыгы боюнча сюжет көрсөткөн.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Казакстандын интернет тармагына Костанай аймагындагы түрмөдө отургандардын телевизорду коюп алып, бешбармак жеп, виски ичип жаткан учуру тарап кеткен. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

161/2 абагы – коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулган жай. Кадрлардан бул жерде абдан ыңгайлуу, жылуу-жумшак шарт түзүлгөндүгүн көрүүгө болот. Бөлмөдөгү төрт киши бешбармак менен тамактанып, виски ичип жаткан деп жазды "Астана" телеканалы.

"Кандай "үлкөндөргө" мындай дасторкон жасалгандыгын айтыш кыйын. Роликтин автору колонияда адам оюна келбеген нерселер жасаларын айткан. Администрация кээ бир тартип бузууларга көз жуумп, жеңилдиктерге барарын баяндаган. Чын эле ошондой болгонун эми иликтөө көрсөтөт", — деп жазылган маалыматта.

Костанай облусундагы Жаза аткаруу департаментинин маалымат кызматы мындай факты абакта чындыгында болгондугун билдирди.

Маалыматта бул иш боюнча кылмыш иши козголгондугу кабарланды.

Тема боюнча

Абакта бала өлтүргөн аялдарга мамиле башкача... Зумрад Жанабаеванын маеги
Токтогулдагы абактын ремонт жасалгандан кийинки көрүнүшү
Белгилер:
виски, бешбармак, түрмө, Казакстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ