22:28 28 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.9712
  • RUB1.1117
Азия
Кыскача шилтеме алуу
796 0 0

Касым-Жомарт Токаев өкмөткө атайын комиссия түзүп мындай абалдын келип чыгышына себепчи болгон тараптарды аныктоону тапшырды.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Нур-Султандын бир бөлүгүн жарыксыз калтырган көмөкчү чордондогу авариянын чыгышына себепчи болгондорду аныктоону тапшырды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан президенттин маалымат катчысы Берик Уалиге таянуу менен жазды. 

Ага ылайык, окуяны териштирүү укук коргоо органдарына берилиши ыктымал.

"Президент мындай көрүнүшкө кийин дагы жол бербөө үчүн өкмөт менен Нур-Султандын акимиатына зарыл болгон чараларды көрүүнү тапшырды", — деди Берик Уали.

10-ноябрь күнү түнкү саат экиде "Левобережная" көмөк чордонунда кабель күйүп кеткен. Анын кесепетинен жети турак жай комплекси менен 25 административдик имарат жарыксыз калган. Алардын ичинде Акорда, өкмөттүн имараты, Жогорку сот, сенат, мажилис, министрлер үйү да бар.

Бүгүн, 11-ноябрда, жергиликтүү бийлик көмөк чордондор калыбына келтирилгенин маалымдады. Анткен менен жарык бардык жерге толук бериле элек.

Тема боюнча

Шаардыктарга жылуулук кантип берилет. ТЭЦтин ичинен тартылган сүрөт
Күн дагы сууктайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Белгилер:
авария, электр энергиясы, Нур-Султан, Казакстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ