Окуучу президент Токаевге оор сабактарды жоюп салуу боюнча кат жазып, жооп алды

© Sputnik / Владислав Воднев / Медиабанкка өтүүКазакстындын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив
Казакстындын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катта окуучу президенттен мектеп программасынан оор сабактарды алып салып, каникулдарды узагыраак кылып берүүсүн суранган. Ошондой эле ал "Мекен таануу" жана "Табият таануу" сабактарын жактырбасын жана алар керексиз деп эсептээрин жазган.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Казакстанда 10 жаштагы Нурбакыт Галымжан президент Касым-Жомарт Токаевге кат жолдоп, билим берүү министри Асхат Аймагамбетовдон жооп алды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Катта окуучу президенттен мектеп программасынан оор сабактарды алып салып, каникулдарды узагыраак кылып берүүсүн суранган. Ошондой эле ал "Мекен таануу" жана "Табият таануу" сабактарын жактырбасын жана алар керексиз деп эсептээрин жазган.

Өлкө башчы окуучунун катын окуп, билим берүү министрине ага жооп кайтаруу тапшырмасын берген.

"Нурбакыт, министрликтин негизги иши сен жана сенин досторуң илим-билимдүү болуп чоңоюусуна багытталган. Мектеп программасындагы ар бир сабак маанилүү жана анын бирин билмейинче экинчисин окуу татаал. Мисалы, "Табият таануу" сабагында сен курчап турган жаратылыш менен таанышасың. Ал эми "Мекен таануу" сага туулуп-өскөн жериң жөнүндө көп нерсени билүүгө жардам берет", — деп жазды министр өзүнүн жообунда.

Нурбакыт Галымжан анын катына көңүл бургандыгы үчүн президентке жана министрге ыраазычылык билдирип, керексиз деген сабактарга эми башкача көз карашта карарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0