ФСБ: "Ислам мамлекети" борбор азиялык согушкерлер Афганистанда плацдарм курууда

© AFP / AHMAD AL-RUBAYEПопов: продвижению ИГ в Кыргызстан помешают талибы и ОДКБ
Попов: продвижению ИГ в Кыргызстан помешают талибы и ОДКБ  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бортниковдун айтымында, террорчулар Сирия менен Иракта утулганын билип, калган күчтөрүн Жакынкы Чыгыштан чыгарып кетүүдө. Ошондой эле Азия менен Африкада туруксуздук жаратып, Европада "уктап жаткан" ячейкаларды түзө баштады.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук уюму Афганистанда Борбор Азиядан барган согушкерлер үчүн плацдарм курууну пландап жатат. Бул тууралуу Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчиси Александр Бортников билдирди.

Ал КМШнын коопсуздук органдары жана атайын кызматтарынын жетекчилер кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып, "Ислам мамлекети" шериктештик өлкөлөрүндө өз таасирин күчөтүүнү пландап жатканын айтты.

"Плацдармда Борбор Азия өлкөлөрүнөн чыгып, эл аралык террордук уюмдардын катарында согуштук аракеттерге катышкан согушкерлерге артыкчылык берилет. Негизи эле акыркы учурларда КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтары Афганистанда "Ислам мамлекети" активдеше баштаганын айтып келет", — деди Бортников.

ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда теракт жасоого камынышкан. Качып кеткен шектүү кармалды
Ал белгилегендей, учурда Афганистанда "Вилаят Хорасан" бириккен кыймылы күч алууда. Аны менен биргеликте "Жамаат Ансаруллах" жана "Чыгыш Түркстан ислам кыймылы" уюмдары кошо кыймылга келүүдө. 

Бортников кошумчалагандай, террорчулар Сирия менен Иракта утулганын билип, калган-каткан күчтөрүн Жакынкы Чыгыштан чыгарып кетүүдө. Ошондой эле Азия менен Африкада туруксуздук жаратып, Европада "уктап жаткан" ячейкаларды түзө баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0