Ташкент Тажикстандын чек ара бекетине болгон кол салууну иликтеп жатат

© Фото / МВД Республики ТаджикистанНа месте нападения на таджикскую пограничную заставу на госрубежах с Узбекистаном
На месте нападения на таджикскую пограничную заставу на госрубежах с Узбекистаном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандын Чек ара кызматы чек ара заставасына болгон кол салуу боюнча тажик кесиптештери менен байланышта иштеп жатат.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Өзбекстандын Чек ара кызматы коңшу Тажикстандын "Ишкобод" чек ара бекетине куралчан адамдардын кол салуусу боюнча окуяны иликтеп жатканын РИА Новости жазды.

© Фото / МВД Республики ТаджикистанНападение на таджикскую пограничную заставу на госрубежах с Узбекистаном
Ташкент Тажикстандын чек ара бекетине болгон кол салууну иликтеп жатат - Sputnik Кыргызстан
Нападение на таджикскую пограничную заставу на госрубежах с Узбекистаном

Агенттик Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек ара күчтөрүнүн өкүлүнө таянуу менен маалымат берген.

Анын айтымында, өзбек тарап окуя тууралуу кабардар.

"Ушу тапта окуяны иликтеп жатабыз. Өзбек тарап тажик кесиптештери менен байланышта иштөөдө", — деген өкүл.

Бойцы-моджахеды в Афганистане. - Sputnik Кыргызстан
Тажикстан: Афганистанда террорчулардын саны көбөйүп кетти
Белгилей кетсек, 6-ноябрга караган түнү 20га чукул куралчан согушкер тажик-өзбек чек арасындагы "Ишкобод" бекетине кол салып, беш автоматты алып кетишкен.

Күч структураларынын операциясы маалында 15 согушкер жок кылынып, дагы бешөө колго түшүрүлгөн.

Атышуудан бир чек арачы менен бир милиционер каза тапты. Окуя болгон жерде ыкчам-иликтөө тобу иштеп жатат. Тергөө жүрүп, укук коргоо органдары согушкерлердин ким экенин тактоодо.

Жаңылыктар түрмөгү
0